Биз менен байланышыңыз

Дизель майынын баасы жакын арада арзандабайт

Коом , Экономика | 10 Янв 2023 | 976 | 0

Жыл ичинде Кыргызстанда дизель майынын баасы 29 пайызга, башкача айтканда, дээрлик 17 сомго кымбаттады. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, 2021-жылы өлкө боюнча 1 литр дизель майынын баасы орто эсеп менен 58 сом болсо, 2022-жылы 75 сомго чейин көтөрүлдү. «Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясы бул көйгөйдү дизель майына болгон суроо талаптын жогорулашы жана тартыштыгы менен байланыштырууда. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин солярканын баасын мыйзамга ылайык жөнгө салууга укугу жок.

Чүй облусунун Москва районунун жашоочусу Султан Ташболотов 7 жылдан бери Беловодское-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү ташып иштейт.  Ал эки-үч жылдан бери дизель майына болгон баа түшпөй жатканын айтат. Ошондой эле өкмөттөн солярканын баасын турукташтырып берүүнү же жолкире акысын көтөрүүнү өтүнөт.

«Мен маршруткама солярка куям. Солярканын, бензиндин баасы акыркы убакта кескин түрдө өсүп кетти. Тапкан акчам жолкирени дагы актабайт. Унаа бузулса, аны оңдоп-түзөөгө бир топ акча кетет. Иши кылып карапайым калкка кыйын эле болду. Солярка арзандаса болмок же жолкиренин баасын көтөрүш керек. Ушул жагын карап койсо болмок мамлекет. Эки-үч жылдан бери бензин менен солярканын баасы кымбаттагандан кымбаттап жатат. Кээде баасы түшөт деп сөз болуп калат. Бирок кайра эле кымбат бойдон калып жатат».

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы бир жылда дизелдин баасы 29,2 пайызга же 16,98 сомго кымбаттады. Эгер 2021-жылдын 31-декабрында өлкө боюнча орто эсеп менен бир литр дизель майы 58,21 сом болсо, өткөн жылдын 30-декабрында 75,19 сомду түздү.

«Кыргызстандын нефтетрейдерлери» ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов дизель майы 2021-жылдан бери кымбаттап жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1,5 айга жете турган дизель майынын кору бар. Ал солярканын баасынын жогорулашына төмөнкү себептеди атады:

«Бул маселе 2021-жылдын аягынан бери көтөрүлүп келет. Дизель майын көбүнчө Орусиядан ташып келебиз. Акыркы убакта Орусиянын өзүндө тартыштык жаралууда. Себеби алардын заводдору профилактикалык оңдоп-түзөөдөн өттү. Мындан сыткары Казакстанда тартыштык башталып, Орусиядан сатып алып жатканда баа ал жактын заводдору бааны көтөрүп салышты. Себеби суроо талап көбөйүп кетти. Ошондой эле Орусия-Украинадагы кырдаалга байланыштуу да дизель майына болгон тартыштык күч алды».

Өткөн жылы дизель майы эң кымбат Раззаков шаарында 79,29 сом, Баткенде 77,05 сом жана Ноокатта 76,9 сом болсо, эң арзаны Таласта 69,35 сом, Кара-Балтада 73,79 сомду түзгөн.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетектөөчү адиси Слан Нурманбетов мекеме дизель майына болгон бааны жөнгө сала албай турганын билдирди. Эгер бир айда баа 20 пайызга көтөрүлүп кетсе, анда Министрлер кабинетинин чечими менен баа жөнгө салынышы мүмкүн.

«Бир жылдын аралыгында дизель отуну дээрлик 29 пайызга көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө мыйзамдарга ылайык, дизель майынын баасы жөнгө салынбайт. Бирок бир айдын ичинде баа 20 пайызга чейин көтөрүлсө, Министрлер кабинети тарабынан дизелдин баасын жөнгө салуу боюнча тийиштүү чечим кабыл алынышы мүмкүн. Анткени дизель отуну социалдык жактан маанилүү товарлардын катарын толуктайт. Монополияга каршы агенттик тарабынан дизель майындагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттерди бүгүнкү күндө экономикалык статистикалык байкоо жүргүзүлөт. Ал байкоодо жөнгө салуу каралган эмес».

Кыргызстан былтыркы жылдын январь-август айларында сырттан 622 млн долларлык мунай өндүрүмүн импорттогон. Ал эми 8 айда жалпы суммасы 90 млн доллардан ашык мунайзатын экспорттогон.

Мындан сыткары 2021-жылдын 5 айында Кыргызстанга Орусиядан 221 миң тонна дизель майы ташылып келген.

Бүгүнкү күндө ишканалар Орусиянын заводдорунан бир тонна дизель майын 1000 долларга сатып алууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM