Биз менен байланышыңыз

«Тазалыктын» жаңы жетекчиси шаарды таштандыдан арылта алабы?

Саясат | 10 Янв 2023 | 868 | 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тиешелүү буйругу менен «Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи болуп Рамиз Алиев дайындалды. Ушуну менен Бишкектин «Тазалык» ишканасында соңку бир жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты. Шаардыктардын нааразычылыгына байланыштуу былтыр июль айында «Тазалык» ишканасынын жетекчиси алмашып, Султан Алыбаевдин ордуна Нурлан Касымов дайындалган эле. Касымов кызматынан өз каалоосу менен кеткенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жетекчилердин алмашуусу менен Бишкектеги таштанды маселеси чечилеби? Башчылардын бат-баттан алмашуусу эмнеден кабар берет? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Мэриянын басма сөз кызматы 9-январда билдиргендей, шаар башчы Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен ишканага жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Рамиз Алиев бул кызматка чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеген.

«Тазалык» ишканасына жетекчи болуп 2021-жылдын декабрында Азат Сагынов дайындалган. Андан кийин, 2022-жылдын апрель айында анын ордуна Султан Алыбаев барган. Алыбаевдин ордуна июль айында Нурлан Касымов келген. Касымов кызматынан өз каалоосу менен кетип, анын ордуна жетекчи болуп Рамиз Алиев дайындалды.

«Тазалык» ишканасы шаардык аймактарды санитардык тазалоо боюнча коммуналдык тейлөө, шаардын жолдорун, тышкы көрктөндүрүү  элементтерин кароо, жолбун жаныбарларды кармоо жана атуу, ошондой эле борбордогу калктын жана чарба жүргүзүүчү ишканалардын  каражаттарынын эсебинен катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иш аракетин жүргүзөт. Ошондой эле мыйзамга ылайык, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу жана унаа каражаттарынын кызматтары кирген, жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде акылуу кызматтарды көрсөтөт.

Бишкектеги таштанды маселесин социалдык тармактан дайыма көтөрүп келген журналист Аскер Сакыбаева башчы алмашкан менен эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын, эң башкысы ишкананын иштөө системасын өзгөртүү керектигин белгилейт.

«Кептин баары башчынын алмашканында эмес, кептин баары ишкананын ишин системдүү жолго салууда. «Тазалыктын» башчысын ай сайын алмаштырса деле, эгерде анын иши өзгөрбөсө, анда шаарда эч качан тазалык болбойт. Биринчи кезекте ишкананын ишин жөнгө салуу керек, экинчи кезекте шаардыктар менен иштешүүнү жөнгө салуу керек. Себеби, таштандыны жашоочулар туура эмес таштап жатышат. Көпчүлүгү туура эмес таштап жаткандыктан шаарыбыз кир. Экинчиден, мен «Тазалыктын» абоненти катары айына 22,5 сом төлөйм. Бул сумманы аз деп ойлойм жана көтөрүлүшүнө каршы эмесмин. Эгерде тазалыкты талап кылсак, анда акча төлөөдөн дагы катпашыбыз керек. Бирок тилекке каршы тазалык үчүн ошол 22, 5 сомду төлөбөгөндүктөн, шаардыктардын карызы 12 млн сомго жеткендигин мэрия билдирди. Өзүбүз ошол аз акчаны төлөбөй туруп, дагы тазалыкты талап кылганыбыз туура эмес».

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы спикери Канат Музуралиев «Тазалыкка» чарба ишин түшүнгөн адис керектигин, борбор калаанын башчысы өзү шаар тазалыгын көзөмөлдөшү зарылдыгын белгилеп, таштандыны түшүнгөн жетекчи келмейинче шаар тазаланбай тургандыгын эскертти.

«Жетекчинин улам-улам алмашып жатканынын себеби, ал жерде мурдатан калыптанган коллектив. Анда мурдагы жетекчилердин туугандары бар, тааныштары бар. Алар саботаж кылат, тазала деген жерди тазалабайт. Ошол эле учурда азыр кызматка келген жигитти деле жакшы тааныйм. Ал дагы тартып кетет деп толук кепилдик бере албайм. Анткени «Тазалыкка» чарба ишин тушүнгөн адам керек. Тазалоонун, шыпыргы, тряпканын ишин түшүнгөн адам барыш керек. Анткени бул чарба жумушу. Ошондуктан «бир мекемени жетектеп жатса эле, ушул киши «Тазалыкты» жетектеп кетет» деген ойдон алыс болушу керек. Таштандынын ар түрдүү түрү бар, жетекчиси анын ар бирин түшүнүшү керек. Таштандыны түшүнгөн жетекчи келмейинче, кимди алып барса дагы шаар тазаланбайт».

Ал эми Бишкектин Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков акыркы учурдагы кадрдык башаламандык, мамлекеттик-муниципалдык институттарды талкалап, иштин токтошуна алып келип жаткандыгын сынга алып, президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкек шаарынын башчысын жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

«Кадрдык башаламандыкка алып келген башчылардын бири дагы жоопкерчиликке тартыла элек. Мэр Абдыкадыров улам алмаштырып жаткан кадрларына эч кандай жоопкерчилик тарта элек. Мына ошонун айынан Бишкек шаарбыз таштандыга толуп, шаар тургундарынын кыжырлануусуна себеп болуп жатат. Азыр өмүрү муниципалдык кызматтта иштебеген адам келди. Алдын ала ишенимдүү айтайын, ал адам тарта албайт жана иш жүрбөйт. Себеби, иш жүрүшү үчүн комплекстүү чаралар болушу керек».

«Тазалык» ишканасында 1500дөн ашуун тазалык кызматкери эмгектенет. Бүгүнкү күндө таштанды чыгаруу акысы айына бир кишиге 22 сом 50 тыйынды түзөт. Орто эсеп менен бир үй-бүлөдө 3-4 киши жашаса, 4 кишиге болгон тариф бир айда 80 сом гана болот. Ал эми жеке ишканалар кайсы район менен иштешсе, ошол жердин жарандары менен келишим түзүлүп, төлөмдөрдү да өздөрү жүргүзөт. Мэрия тарабынан болгону тариф бекитилип берилет. Жалпы шаар боюнча күнүнө 1 миң тонна таштанды ташталат. Ишканадагы «коррупциялык схема» боюнча УКМК тарабынан бир канча жолу кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда ишкананын жумушчулары шарттарына жана маянасына нааразы болуп, бир канча жолу митингге чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM