Биз менен байланышыңыз

Эми бардык айдоочулардын камсыздандыруу полиси текшериле баштайт

Коом , Экономика | 9 Янв 2023 | 2469 | 0

Өлкөдө 1-апрелге чейин автоунаа ээлери унаасын милдеттүү түрдө камсыздандырышы керектигин Экономика министрлиги кабарлады. Бул билдирүү «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын негизинде ишке ашууда. Мындан ары унаа ээлеринен айдоочулук күбөлүк гана эмес камсыздандыруу полиси да талап кылына баштайт. Эгер айдоочунун камсыздандыруу полиси жок болсо, анда ага айып пул салынат. Айдоочулардын кээ бири бул мыйзамды колдосо, айрымдары каршы пикирлерин айтышууда.

Бишкек шаарынын тургуну Асылбек Байбеков автоунааларды камсыздандыруу зарыл деп эсептейт. Ал ар кандай кырсыкка учураган убакта камсыздандыруунун пайдасы чоң экенин айтат.

«Камсыздандырууну керек деп ойлойм. Кыргызстанда унаа көп, жолдор начар. Мисалы кечинде унааңды үйдүн алдына токтотуп койсоң, башка унаа сүзүп же чийип кетиши мүмкүн. Негизи эле ар кандай кырсык болгон учурда, үстүнө терек кулап кеткен учурда камсыздандыруу өзүнүн пайдасын берет. Бизде адамдын башына кырсык келмейинче, аны түшүнүү кыйын. Камсыздандырып койсок жүрөгүбүз да тынч болот. Кырсык болбой эле койсун, бирок болгон учурда камсыздандыруунун аркасында бир топ жеңилдик болот».

Дагы бир унаа ээси Алтынбек Кыдыралиев буга чейин да унаасын камсыздандырып келген. Бирок ал учурда камсыздандыруудан баш тарткан. Себеби жөн жерден эле акча кетип жатканын айтууда.

«Мен камсыздандырууга каршымын. Кандай учур болбосун өзүңдүн катаңды өзүң эле актап алганың жакшы. Жеринде эле маселени чечип, оңдой турганын оңдоп, төлөй турганын берип дегендей. Мен буга чейин унаама жылына 400-500 доллардын тегерегинде камсыздандырууга төлөп келгем. Эч кандай учур катталбаса, күйүп, кийинки жылга өтүп кетет экен. Менин башымдан өттү андай нерсе. Ошол үчүн азыркы учурда камсыздандырбай элемин».

Ушул жылдын 1-апрелине чейин «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын негизинде бардык айдоочулар унааларын камсыздандырышы керек.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Азат Сапарбек уулу унааны камсыздандыруу процесси тууралуу маалымат берди.

«1-апрелден баштап жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор ар бир унааны токтоткон учурда айдоочулук күбөлүгүн жана унаага тиешелүү болгон документтерди сурашат. Эми камсыздандыруу полисин дагы сурап баштайт. Эгер камсыздандыруу полиси жок болгон учурда административдик мыйзамдын чегинде бузуулар кодексине ылайык, административдик чаралар көрүлө баштайт. Бул мыйзамда кокус автотранспорт кандайдыр бир кырсыкка учураса, анын кесепетинен жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кандайдыр бир зыян келтирген учурда унаа ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу дегенди билдирет».

«Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын» адиси Бакыт Шаршеналиев билдиргендей, камсыздандыруу полиси жокторго 3 миң сом айып пул салынат. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү унаанын көлөмүнө жана унаа ээсинин айдоочулук тажрыйбасына карата белгиленет.

«Автоунаа ээлери үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча базалык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1680 сом өлчөмүндө белгиленген. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү унаанын көлөмүнө жана унаа ээсинин айдоочулук тажрыйбасына карата белгиленет. Жарандарга кайрылат элем, сөзсүз 1-апрелге чейин унааларды камсыздандыргыла. Мындай камсыздандыруу дүйнө жүзүндө бар. Бул мыйзам керек».

Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирген.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, мыйзам күчүнө киргенден тарта объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу толук кандуу иштебей келген.

Ал эми буга чейин каалоочулар гана унаасын камсыздандырып келген.

Ушул жылдын 1-апрелинен баштап ар бир айдоочунун камсыздандыруу полиси текшериле баштайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM