Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 301 | 0

Эртең, 10-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -11…-16;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -7…-9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM