Эртең, 10-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -11…-16;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -7…-9 градус болот.