Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Сокулуктагы мал базарына барды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 895 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты.  Ал бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергенин жана андан бери көпчүлүк базарда өзгөрүү болгонун айтты.

Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон экенин белгиледи.

«Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата да чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», — деди Жапаров.

Ошондой эле 8 га аянтта курула турган мал базардын курулуш долбоору менен таанышты. Маалыматка караганда, бул объектиде курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында толук кандуу башталышы керек. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат.

 

Copyright © 2017 Maral FM