Биз менен байланышыңыз

Жыл ичинде саламаттык сактоо тармагында кандай өзгөрүүлөр болду?

Ден соолук | 30 Дек 2022 | 1512 | 0

Жыл башынан бери саламаттык сактоо тармагында бир канча реформалар жасалды. Бул өзгөрүүлөр өлкөдөгү медицина тармагын өнүктүрүүгө канчалык салым кошту? Же тескерисинче бул тармакты артка тартып койдубу? Бир жыл ичинде саламаттык сактоо тармагы кантип жыйынтыкталды?

Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө оор операциялар бекер жасалды

Быйыл май айында Бишкекте тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга, жүрөктүн оор операциясына муктаж жарандарга алгачкы жолу акысыз операциялар жасалды. Бул саамалыкты Эл аралык медициналык жогорку мектеби менен «Vedanta» клиникасы уюштурду.

Медицина жаатындагы массалык иш-чара , инновациялык кардиохирургия боюнча бешинчи  илимий-практикалык  конференция академик Иса Ахунбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлдү.

Медицина кызматкерлеринин дипломун жана диссертацияларын текшерүү чечими

Быйылкы жылдын февраль айынан баштап мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир гана диплом эмес, медициналык мекемелердин жетекчилеринин диссертациялык иштери да текшериле турганын билдирген. Мындан сырткары кызматкерлердин илимий иштери да текшерүүдөн өтөт деген чечим чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясы табылбай жатканы белгилүү болду.

Бир айда Саламаттык сактоо министрлигиндеги төрт жетекчи кызматтан бошотулду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылга карата коллегиясынын жыйынтыгында бир катар жетекчилер ээлеген кызматтарынан четтетилди.

Төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулган:

Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Муратбек Аляскаров;

Баткен районунун Кулунду аймактык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаев.

Адистер тарабынан дарыларды каттоосуз алып кирүүнү токтотуу сунушталды

Министрлер кабинети каттоосу жок алып кирүүгө мүмкүн болгон дары-дармектин тизмесин кеңейткен. Андагы башкы талап: болгону фармкомпания тендерден утуп алышы керек. Адистердин айтымында, өлкөгө дары-дармекти каттоосуз ташып келүүдө коркунуч жогору, андайды колдонуу оор кесепеттерге алып келет. Бирок буга карабастан мындай дарынын саны өсүүдө.

Өлкөгө каттоосу жок алып кирүүгө мүмкүн болгон дары-дармектин тизмесин кеңейткен чечим эки жыл мурун март айында, коронавирус пандемиясы башталган кезде кабыл алынган. Адистер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташкандыктан документтин мөөнөтүн узартуу чечими негизсиз деп эсептешкен.

Гемодиализ маселеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору менен чечиле баштады. Бир канча жерге компьютердик томографтар орнотулду.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун маалыматына караганда, быйыл мекеме тарабынан саламаттык сактоо тармагы боюнча 6 долбоор ишке ашты.

Ага ылайык, биринчи долбоордо гемодиализ борборлору түзүлдү. Ал Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Бишкектин эки жеринде орнотулду. Бул долбоордун жалпы инвестициялык суммасы 11 млн еврону түздү.

Андан сырткары Кыргызстандын 6 жеринде компьютердик томографтар орнотулду. Алар Кадамжай, Өзгөн, Балыкчы жана Токтогул шаарларында жайгашкан ооруканаларда орнотулду.

Мындан сырткары Бишкек шаарындагы эки ооруканага да компьютердик томографтар коюлду. Бул долбоордун жалпы суммасы 5 млн доллорды түзөт. Эки долбоор тең чет элдик инвесторлор тарабынан каржыланды.

Баткенде кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилди

Быйыл Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ишке кирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен уюштурулган бул долбоор Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) техникалык колдоосу астында башталган.

Долбоордун максаты Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Реформалардын ичине комплекстүү санариптештирүү, облустук онлайн-консилиумдарды уюштуруу, медкызматкерлер үчүн каржылык шыктандырууну киргизүү камтылган.

Ооруканаларга электрондук кезекке туруу кызматын жайылтууга аракеттер көрүлө баштады

Бул жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында ооруканаларга электрондук кезекке турууну жайылтууда.

Министрлик ыйгарым укуктарына жараша иштерди аткарууда. Мекеме ооруканаларга электрондук каттоону жайылтуу кыйын болуп жатканын билдирген.

Бул жылы министрлик бул боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштады.

Гемодиализ алгандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү

Кыргызстанда жалпы 36 гемодиализ борбору иштейт. Анын ичинен үчөө — мамлекеттики, отуз үчү — жеке менчик.

Бул категориядагы жарандарга Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 1 млрд 26 млн сом жардам көрсөтүлдү.

Ушул жылдын тогуз айы ичинде 222 миң 800 сеанс өткөрүлдү.

Ал эми Кыргызстан боюнча 2,5 миңден ашык жаран гемодиализ алат.

Саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалган. 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөрткөн.

Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын 16-августтагы токтому менен ишинен убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 336-берененин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

19-августта Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Чет элдиктер билим алып жаткан медициналык окуу жайлар үчүн эрежелер өзгөрдү

Быйылтан баштап Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана окуу жайларына кабыл алынат.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Документке ылайык, мындай чара медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таанытуу максатында кабыл алынган.

Саламаттык сактоо министрлигине жаңы министр дайындалды

9-сентябрда Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гүлнара Баатырова 23-августтан тарта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган.

Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.

2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM