Президентке караштуу коррупцияга каршы күрөшүү ишкердик кеңеш жарандык коомдун өкүлдөрү менен өлкөдөгү коррупцияны азайтуу, маселелерди чечүү жолдорун талкуулады.
Анда коррупциялашкан негизги тармактар аталып, жарандык коом сунуштарып айтып, жыйынтыгында биргелешип күрөшүү боюнча меморандум кабыл алынып президентке жөнөтүлдү. Жемкорлукка каршы күрөшүүдө жарандык коомдун көмөгү тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.
Коррупцияга каршы күрөшүү ишкердик кеңеши тарабынан уюштурулган отурумдун максаты – коррупцияга каршы күрөшүүдө жаңы механимздерди иштеп чыгып, жарандык коомдун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп биргеликте иш алып баруу болуп саналат.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова билдиргендей, ушул айдын башында коррупциянын деңгээлин аныктоо максатында онлайн сурамжылоо өткөрүлгөн. Ага жалпысынан 2 миң 514 адам катышкан. Жыйынтыгында жарандар тарабынан мамлекеттик органдарга ишеним жок болгону аныкталган.
“Сурамжылоого катышкандардын 26%ы коррупция менен жалгыз гана президент күрөшүп жатканын белгилешти. Ал эми 16%ы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы аракеттерди көрүп жатат деп эсептешет экен. Мамлекеттик органдар күрөшүп жатат деп айтпагандары чоң суроо жаратып жатат. Бул жарандар тарабынан биздеги мамлекеттик органдарга болгон ишеним жок экенинен кабар берет”.
Журналист Улукбек Карыбек уулунун пикиринде, коррупциянын залакасы таанышы, акчасы жокторго, социалдык жактан муктаж болгон карапайым калкка гана тийип жатат. Журналист өлкөдө коррупциялашкан үч тармакты атады: сот системасы, билим берүү жана медицина тармактары.
“Ушул тармактардан коррупцияна тыя алсак мамлекетибиз өнүккөн өлкө болот. Дүйнөлүк стандарттарга ылайык, мамлекеттин сот адилеттүүлүгүн аныкташ үчүн 50% соттун чечимдери аткарылбай турган болсо ал мамлекет өнүкпөйт деген тыянак чыгарылган. Бизде болсо 2020-жылдын статистикалык маалыматтарына ылайык соттун чечимдери тилекке каршы 6%га гана аткарылат экен. Бул эмне деген кордук? Бизде сот адилеттүүлүгү болбогондон кийин бизде коррупция токтобойт. Ошондуктан биз башкы приоритетти сот адилеттүүлүгүнө коюшубуз керек”.
Отурумда жарандык коом мамлекеттик органдарда иштер ачык айкын алып барылып, жарандардын укуктарын жана позициясын көтөрүү зарылчылыгын айтты.
Дагы бир орчундуу маселе катары Бишкек шаарынын мүрзөлөрүндөгү коррупциялык схемалар айтылды.
Бул багыттагы мыйзамдардын жоктугу ири башаламандыкка жана коррупцияга алып келүүдө. Атап айтканда, жерлерди мыйзамсыз берүүгө, колунда барлар жана аткаминерлер тарабынан мүрзөдөгү бош жерлерди алдын ала ээлөөгө жол ачылып келе жатат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиктин жетекчиси Төрөхан Жунусбеков белгиледи.
“Бул коррупциялык схемалардын башында Бишкек мэриясындагы жогорку жетекчи кызмат адамдары турушат. Буга чейин да иштешип, схемаларды өздөрүнө жасап келишкен. Анткени мыйзам жок, башаламан жерден коррупцияны жасоо оңой болгон. Азыр болсо булардын баарын мыйзамдаштырып, коррупцияны жокко чыгарып тартипке келтирүү аракеттери аларга жакпай калып, мэрияга караштуу агенттиктердин жетекчилери, вице-мэрлер, ички иштер башкармалыгынын баштап аяк кызматкерлери коррупциялык схемаларды колдоп, тыйгандарды куугунтукташып келе жатышат”.
Transparency International уюмунун былтыркы рейтингинде Кыргызстан жемкорлук боюнча 144-орунду ээлеген жана бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон.
Аталган уюм коррупция боюнча индексти баа берүү үчүн нөлдөн 100гө чейинки шкаланы пайдалануу менен аныктайт. Ага ылайык, нөл баллга ээ болгон мамлекеттерде коррупция өтө курч, 100 баллга ээ мамлекеттерде коррупция таптакыр жок дегенди түшүндүрөт. Баллы жогору мамлекеттер алдыңкы орундарга жайгашат.
Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш 2021-жылы июль айында түзүлгөн. Президент төрагалык кылган кеңешке Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы, эл аралык, бизнес коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген.