Биз менен байланышыңыз

Министрлик кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууну өтүндү

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 464 | 0

Бүгүн, 22-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, кыргызстандыктардын Тажикстанга кирүүсүнө чектөө чаралары уланып жатканын эскертти.

Министрлик Кыргызстандын жарандары Тажикстанга ар кандай саякат менен барууга же Тажикстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттамдарды жасоодон убактылуу карманып турууну сунуштайт.

Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселелери боюнча Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана бул өлкөдөгү элчиликтин ишеним телефонуна төмөнкү телефондор боюнча кайрылууга чакырат:

+996 999 312-002 — Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы (Бишкек ш.);

+992 887 782-223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Душанбе).

Copyright © 2017 Maral FM