Биз менен байланышыңыз

«Ашмалтайын чыгардыңар». Мадумаров өкмөт өкүлдөрүн бир тилде сүйлөөгө чакырды

Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 693 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламент жыйындарында баяндама жасаган өкмөт өкүлдөрүн орус жана кыргыз тилдерин аралаштырбай, бир тилде сүйлөөсүн талап кылды.

«Бир тилде сүйлөсөңүздөр, тилдин «ашмалтайын» чыгарып жибердиңер, кайсы тилде сүйлөр жатканыңарды билбей жатабыз. Башынан аягына чейин бир тилде сүйлөсөңөр, себеби сизди карап отурган канча окуучу, студент бар, алар кандай үлгү алып жатат?» , — деди Мадумаров.

Бүгүн, 21-декабрда «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр биринчи окууда талкууланууда. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

Буга чейин мыйзам долбоорун тийиштүү комитеттер караган. Баяндаманы Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жасоодо.

Быйыл 21-ноябрда президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM