Биз менен байланышыңыз

Абакта ачкачылык жарыялаган аялдардын абалы начар

Коом , Саясат | 19 Дек 2022 | 873 | 0

«Кемпир-Абадды коргоо» боюнча түзүлгөн комитеттин абакта отурган 20дан ашык мүчөсүнүн ичинен 17 адам ачкачылык жарыялаган. Алардын айрымдарынын наар албай жатканына беш күн болду. Алгач сегиз киши 14-декабрда ачкачылык акциясын баштаган, акырындап алардын катары калыңдаган. Акыркы күндөрү Орозайым Нарматова жана Перизат Суранованын абалы кескин начарлаганын укук коргоочулар айтышууда. Абакта отурган активист, саясатчылардын талабы, ден соолугунун абалы жана эмне үчүн тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканы туурасында алдыда кененирээк токтолобуз. 

“Кемпир-Абад иши” боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын арасынан активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде кабарланды. Ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө Суранованын абалы оорлогонуна байланыштуу укук коргоочулар акыйкатчы менен чогуу №1 тергөө абагына барышкан.

Перизат Суранованын дене табы 37 градустан түшпөй кыйналып жатканын, кан басымы да жогору болуп, абактагы чогуу отургандар ал кан менен аралаш заара ушатып жатышканын айтышты.

Ал эми абактан ачкачылык жарыялаган дагы бир активист Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кеткени айтылууда.

Укук коргоочулар адвокат Чынара Жакупбекованы маалыматына таянып, Нарматова алсырап, оозуна тынымсыз ачуу суу келип кусуп, эсин жоготуп, араң кыймылдап жатканын жазышты.

Кечээ, 18-декабрдын кечинде акыйкатчы Атыр Абдрахматова тергөө абагына барып, алардын абалынан кабар алып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылганын айтты.

Ал тергөө абагынан администрациясы тез жардам унаасын чакыруудан баш тартканын айтып, бул боюнча акт түзүлүп, прокуратурага даттанарын билдирди.

“Мен Перизат Сурановага мурунку күнү да келип кеткем. Ошондо анын абалы начарлай баштаган. Биз тез жардам чакырып, дарыгерлер тиешелүү жардам көрсөтүп, Перизаттын абалынан тынсызданышкан. Бирок бул көрсөткүчтөр менен ооруканага жаткыруу зарылчылыгы жок деп кетип калышкан. Бүгүн болсо тергөө абагынын кызматкерлери тез жардам чакыруудан баш тартышууда. Биз бул боюнча акт түздүк. Кылган шалаакы мамилесине эртең прокуратуранын алдында жооп беришер. Мен азыр баары бир тез жардам чакырсам, алар ичине киргизбей коюшу мүмкүн”.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова абактагы дарыгерлер “активист Перизат Суранова ачкачылыгын токтотушу керек” деп айткандарын сынга алды. Анын айтымында ачкачылык процесси ашказан жана адамдын денеси үчүн өтө оор процесс, ал эми ачкачылыктан чыгуу андан да оор жана кооптуу иш. Ошондуктан ачкачылык жарыялагандар бир гана дарыгердин көзөмөлүнүн алдында чыгуу керек.

“Ачкачылык токтотуп туура эмес тамактанып же көп суу ичип алса ким жооп берет? Ачкачылыктан чыгуунун да өз жол жобосу бар. Аны дарыгер көзөмөлдөп турушу зарыл. Абактагы дарыгерлердин: “Ачкачылыктын токтотсун анда”, — деп айткандарын – мыкаачылык деп бааламакмын. Перизаттын өнөкөт оорулары козголуп, отургандан баштап ооруп келе жатат. Анын апасы жума сайын дары-дармектерди ташып берип келип атат. Буга олутту мамиле жасалышы шарт”.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн айтты. Ал абактагы активист, сясатчылардын абалы күндөн күнгө оорлоп бара жатканын, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүсүн өтүнгөнүн кошумчалады.

Ал эми Башкы прокурор орун басарларына, кызматкерлерине ачкачылык жарыялагандарга бүгүн барып алардын кабар алуусун тапшырганын, баш коргоо чарасы болсо сот аркылуу аныктала турганын айткан.

Абдирасулова абактагы активист, саясатчылардын талабын айтты.

“Алардын негизги жана бир эле талабы – баш корго чарасын өзгөртүп берүү. Тактап айтканда, үй камагына чыгаруу же эч жака чыкпоо тил каты менен чыгарууну каалап жатышат. Бир-эки күндүн ичинде иш кайрадан шаардык сотто каралып баштайт. Ошондо балким соттор бул жагдайды эске алышат”.

Абдирасулова ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчилик жеке президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, андан сырткары тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана судьяларга жүктөлгөнүн кошумчалаган.

Президент Жапаров болсо 17-декабрда «Кабар» агенттигине курган маегинде «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» мүчөлөрүнүн абактагы мөөнөтүнүн узартылышы, аялдарга ырайым кылып, үй камагына чыгаруу сунуштары жана башка маселелер тууралуу оюн билдирген.

Ал журналисттин камактагы аялдардын энелери, тарапташтары ачык кайрылуу кылып жатканын, президенттин аларды айкөлдүк кылып чыгаруу ниети барбы деген маанидеги суроосуна мындай жооп узаткан.

«Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: «Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!» деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле. Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. «Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел» деп план түздүргөн жокмун. «Элди портерлерге жүктөп келгиле» дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет».

«Камалгандар Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылгысы келген» деген Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин белгилеген.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп дээрлик 30га жакын активист жана саясатчыларды кармаган. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM