Connect with us

«Көчмөн сыры» эл аралык форуму өтөт

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 432 | 0

20-21-декабрь күндөрү Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» деп аталган кол өнөрчүлөрдүн эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Форумдун ачылышы 20-декабрда саат 12:00дө башталат.

Анда дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу «Боз үй мекени», Нарын облусу «Шырдактын мекени» наамдары тапшырылат.

Наамдарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев тапшырат.

Иш-чаранын алкагында 19- декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» форумунун көргөзмөсү ачылды.

21- декабарь күнү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар малекеттик агенттигинде илимий- практикалык конференция өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM