Биз менен байланышыңыз

Министрлик: 4 миң жарандын документ иштери боюнча арызы каралды

Кыска кабар | 19 Дек 2022 | 252 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бир жуманын ичинде мобилдүү топтор аркылуу документ берүү боюнча 4 миң жарандын арыздары каралганын билдирди.

Жети облустун 26 районунда 4000 жарандын арыздары иштелип чыккан. Анын ичинде:

Ысык-Көл облусу боюнча – 831,

Талас облусу боюнча – 539,

Нарын облусу боюнча – 1351,

Чүй облусу боюнча  – 667,

Жалал-Абад облусу боюнча – 736,

Ош облусу боюнча  – 777,

Баткен облусу боюнча  — 762.

Ички паспорт (ID-карта) алуу үчүн 1213 кайрылуу болгон, жашаган жеринде каттоого туруу боюнча 1126 кайрылуу, индентификациялык жеке номерлерин тактоо жана маалыматын актуалдаштыруу боюнча 456 кайрылуу түшкөн.

Ошондой эле, мобилдүү топтордун адистерине 2056 жаран кеп-кеңеш алуу боюнча кайрылышкан.

Мобилдүү топтор калкты документтештирүү жана каттоо багытында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү 8-декабрдан 31-декабрга чейин ишке ашырат.

Мобилдүү топтордун кызмат көрсөтүүлөрү:

— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу;

— жарандык абалдын актыларын (туулгандыгын каттоо, өлгөндү каттоо) мамлекеттик каттоо жана күбөлүктөрдү берүү;

— бир жолу алынуучу “Балага сүйүнчү” жөлөк пулуна арыз кабыл алуу;

— жашап турган жеринде жана турган жеринде каттоо;

— чет өлкөлүк жарандарды каттоо;

— жарандык маселелер боюнча кеңеш берүү жана документтерди кабыл алуу;

— биометрикалык маалыматтарды каттоо;

— жеке идентификациялык номерди текшерүү, маалыматтарды жана көчүрмөлөрдү алуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM