20-21-декабрда Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлашты.
Бул күндөрү шаардын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт:
«Аламүдүн – 1» кичирайону, «Энергетиктер» шаарчасы, «Курулушчулар» шаарчасы, «Учкун» жаңы конушу, Лебединовка айылында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында: Калинин, Жениш пр., Садовая, Токмок.