Президент Садыр Жапаров «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» мүчөлөрүнүн абактагы мөөнөтүнүн узартылышы, аялдарга ырайым кылып, үй камагына чыгаруу сунуштары тууралуу оюн билдирди.
Жапаровдун айтымында, кайрылып жаткан энелер эки жыл ичинде кыздарын тартиптүү болууга, калп сөз сүйлөбөөгө, жалаа жаппоого үндөшсө болмок.
«Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. «Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел» деп план түздүргөн жокмун. «Элди портерлерге жүктөп келгиле» дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет», — деди ал.
Ошондой эле мамлекет башчы жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты.
«Аларды мен камаган жокмун. Күч органдарынын ар биринин мыйзам алдында, мамлекет алдында өз милдеттери бар. Ички жана тышкы коопсуздукка жооп беришет. Эгер милдеттерин так аткара албай, алдын албай, кечигип калышса, баары жооп беришет. Ошондуктан күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. «Төңкөрүш жасайбыз» деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине «чыгарып кой» деп буйрук бере албайм. Мыйзамдар иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз. Мен кийлигишпеген үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. «Соттордун ишине кийлигишпегиле» деп эч кимди кийлигиштирбей жатам».