Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасы. «Бул казино ойногондой эле»

Коом , Экономика | 20 Дек 2022 | 863 | 0

Өлкөдөгү каржы пирамидаларына акчасын алдаткандардын катары суюлбай келет. Укук коргоо органдары тарабынан каржы пирамидаларынын, турак-жай кооперативдеринин жетекчилери кармалган менен аларга алданган эл акчасын кайтарып ала албай келет. Жакында эле дагы бир уюмдун жетекчиси соттун чечими менен бошотулганы нааразылыкты күчөттү.

Каржы пирамидаларына акчасын салып, кайра ала албай калгандар бир канча жылдан бери болуп келет. Буга чейин ызы-чуу болуп, каржы пирамидаларында акча жоготуу тобокелчилиги жогорулугуна карабай, акчасынан кол жуугандар бүгүнгө чейин бар.

Бизге социалдык тармактар аркылуу кайрылган Жаңылай өзүнүн агасы каржы пирамидаларына акчасын берип, кайра кайтарып ала албай калганын айтты. Анын агасы үй-бүлөсү каршы болгонуна карабай, өз унаасын сатып, акчасын каржы пирамидасын уюштурган уюмдардын бирине берген.

“Байкем бир күнү тааныштары ушундай каржы пирамидалары бар экенин, ал жакка акча салып, бир аз убакыттан кийин кайра көбөйтүп бергенин айтып калган. Ага үйдөгүлөр каршы болгон. Бирок ага деле карабай өзүнүн айдап жүргөн машинесин сатып, 18 миң доллар ошол жакка берген экен. Алар дароо эле алдап коюшпайт экен, аз-аздан акчасын салып, көбөйтүп берет экен башында. Алар ушинтип каражатыңды көбөйтүп аласың деп ишендирген. Ошентип аз-аздан салып отуруп машинесин саткан акчасынын баарын салып жибериптир. Эми азыр алар көбөйтүп бербей эле ошол акчанын өзүнөн да, компаниянын ээсинен да дайыны жок, алданып калган учуру”, — дейт Жаңылай.

ИИМдин басма сөз кызматы 16-декабрда дагы бир каржы пирамидасынын негиздөөчүсүн Грузия мамлекетинен интерпол кармаганын билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында эле 15 филиал ачып, каржы инвестициясы тууралуу жалган долбоорлорун түзгөн “Финико” компаниясынын жетекчиси кармалган. Андан жарандар жалпы суммасы 1 млн 283 миң АКШ долларынан кол жууганы айтылат.

“Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15 ашык филиалын ачкан. Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1 283 000 АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары, жаран Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө. Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат”, — деп билдирди ИИМдин маалымат катчысы Адинай Шаршеева.

ИИМ азырынча өлкөдө жалпы канча жаран каржы пирамидаларына алданганын так билбейт. Бирок каржы кылмышын жасап, тергөөдөн, соттон качып жүргөн жарандарды издөө иштери уланып жатканын билдирет.

Бул маселе Жогорку Кеңештин бир канча жыйындарында көтөрүлүп, депутаттар ИИМдин каржы кылмышына каршы күрөшүүсүн сынга алган.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов каржы пирамидаларына чара көрүлбөсө элдин нааразылыгы күчөй турганын айткан.

“Бул топторго каршы күрөшүүдө мыйзамдын чийкилиги себеп болуп жатабы же кайдыгерликпи? “1 млн төктүм, 5 млн төктүм эле алгандан кийин качып кетип калды” дегендерге, карапайым элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп коюңуздар. Эмне үчүн бул уюмдар менен, элди алдап жаткандар менен күрөшө албай жатасыздар? Эртең нааразычылык күчөп кетет мындай болсо”, — деп сынга алган Атазов.

Ушул күндөрү социалдык тармактарда каржы кылмышына шектелип, кармалган жаранды сот камактан бошоткону сынга алынууда.

“Hermes” каржы компаниясынын башчысы Шертбек Керимбеков буга чейин каржы кылмышына айыпталып, кармалган. Бирок 7-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту Керимбековду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алганын шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

“Бишкек ШИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү келтирген  камакка алуу бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. Айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлүп, 2023-жылдын 11-февралына чейин узартылган”, — деп маалымдады шаардык соттон.

Финансисттер каржы пирамидаларынан алыс болууну сунуштап келет. Анткени өлкөдөгү каржы пирамидаларынын көпчүлүгүнүн аягы туңгуюк.

Финансы маселелери боюнча адис Кубан Чороев каржы пирамидаларын казино оюндары менен салыштырып, жарандар өздөрү сак болушу керектигин эскертти.

“Бул эми казино ойногондой эле да. Аларды эч ким кошулганга мажбурлабайт. Туура, баары эле утула бербейт, арасында утуп, киреше алып жаткандары да бар. Эми аны талдап билиш үчүн квалификациялуу болуп, атайын изилдей ала турган болушу керек”, — дейт Чороев.

ИИМ буга чейин каржы пирамидалары жана турак-жай кооперативдеринен иштөө системасын түшүндүрүүнү талап кылып, жарандарды этият болууга үндөп келген.

Мекеменин маалыматында, каржы пирамидасы – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Адатта алар жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Көп учурда кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM