Биз менен байланышыңыз

Ипотеканын баштапкы төлөмүн эми кепилдик фонд берет

Коом , Экономика | 14 Дек 2022 | 2415 | 0

Өлкөдө ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөмү жокторго ипотекалык кепилдик бериле баштады. Бул тууралуу келишимге «Мамлекеттик ипотекалык компания», «Кепилдик фонду» жана «РСК Банк» кол койду. Ипотекалык насыя боюнча кепилдикти аймактардын гана жашоочулары колдоно алат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарынан турак жай сатып алууну көздөгөндөргө ипотекалык насыя боюнча кепилдик берилбейт. Ипотекалык насыя боюнча кепилдикти алуунун шарттары кандай? Аны кимдер ала алышат? 

Кыргызстанда 15 жылдык мөөнөт менен ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөмү жокторго ипотекалык кепилдик бериле баштады. Ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын арзан ипотека багыты боюнча Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «KfW» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов ипотекалык насыя боюнча кепилдикти аймактардын гана жашоочулары колдоно аларын билдирди. Себеби мындай чечим аймактарды өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык компаниянын насыя берүүнүн ар кандай түрлөрү жана механизмдери ишке ашууда. Булардын бири Германия тарабынан каржыланып жаткан долбоор бар. Аймактар боюнча ипотекалык насыя берилет. Эгерде жарандарда баштапкы төгүмү жок болсо, кепилдик фонд өзүнүн кепилдиктерин банкка бере алат. Аймактагы жарандар кепилдик фонддун кызматтарын колдонуп, ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүгү пайда болот».

Бүгүнтөн баштап кыргызстандыктар Кепилдик фондунан колдоо катары мамлекеттик ипотеканын программасынын негизинде турак жай сатып алууда баштапкы төлөмдүн суммасынын 10%га чейинки көлөмүн ала алышат.

Кепилдик фондунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров фонд тарабынан берилип жаткан кепилдикке 2% комиссия алынарын айтты. Ал эми Баткен облусунун тургундарынан комиссия алынбайт.

«Бул долбоордун алкагында биринчи төлөм 20%га чейин, пайызы 8%. Мамлекеттик ипотекалык компания 8%дык программа менен иштейли, биринчи салым 20% болсун деген сунушун билдиришти. Биз ага макул болдук. Бул сунушка «РСК» банк да макул болду. Бул программа кечээ ишке кирди. Биз 16 жылдан бери ишкерлерге кепилдик берип келгенбиз. Өзүбүздүн программага ылайык, кепилдик алгандардан 2% комиссия алабыз».

Бүгүнкү күндө көптөр турак-жай алууда кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө. Мамлекеттик турак-жай программасынын катышуучуларына ипотекалык кепилдиктерди берүү турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоого жардам берет.

«РСК Банкынын» директору Кадырбек Букуевдин айтымында, ипотекалык насыяга муктаж жарандардын баары банкка кайрылса болот. 15 жылдык мөөнөткө 8 пайыздык ченем менен берилет.

Мындан сырткары ал ипотекалык насыя боюнча кепилдикти алуунун шарттарын түшүндүрдү.

«Банкка турак жай сатып алууга насыя алуу үчүн көптөгөн арыздар түшүүдө. Ипотекалык насыя алуучулардын көбүнө баштапкы төлөмдү төлөөгө каржы ресурстарынын жетишсиздиги негизги тоскоолдук болуп саналат. Кепилдик берүү өтүнүчүн кароо процедурасы банктагы ипотекалык насыяга арызды кароо процесси менен автоматташтырылган. Эгерде банк насыяны жана кепилдикти берүүгө макулдук берсе, мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучусу баштапкы төлөм менен бирге алынган кепилдиктин суммасынын дагы 2%ын бир жолу төлөйт».

Аймактарда жаңы турак жай сатып алуу үчүн ипотека 8% менен 15 жылга чейин берилет, ал эми алгачкы төлөм алынып жаткан турак жайдын жалпы баасынын 20%ын түзөт.

«РСК Банк» башкармалыгы билдиргендей, жаңы кепилдик долбоор бүгүн «РСК Банктын» бардык филиалдарында бериле баштады. Бул долбоорго жакын арада башка бир катар банктар да кошулат.

Ипотекалык турак жай программасынын шартына ылайык, каржылоонун суммасы 20%дан ашпашы керек.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM