Биз менен байланышыңыз

«Ыштан арылууга так долбоор жок». БУУдан суралган 6,7 млрд доллардын чоо-жайы

Коом | 13 Дек 2022 | 604 | 0

Бишкек шаары бул күндөрү дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 12-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында БУУдан 6 млрд 700 млн доллар грант сураганын билдирди. Бул каражат Бишкектеги ышты жоготууга жумшаларын айткан.

Бул сумманы эл аралык уюм Кыргызстанга бөлүп береби? Ыштан арылуунун кандай эффективдүү жолдору бар?

Министр Динара Кутманова БУУга кайрылып, сураган каражатты Бишкек шаарын ыштан арылтып, абанын булганышынын алдын алууга жумшай турганын билдирген. Ал бир канча багытта долбоорлор даярдалып, анын негизинде грант алууга кайрылганын айтат.

Кутманова менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Анын орун басары Бексултан Ибраимов Кутманова айткан каражат өлкөдөгү климатты жакшыртуу долбоорлоруна багытталганын, бир бөлүгү Бишкекти ыштан арылтууга жумшаларын айтты. Бирок долбоорлор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

“Азыркы учурда бул боюнча так долбоор жок. Көп долбоорлор бар, бирок бири менен да байланыша албай жатабыз. Бул жөнүндө кененирээк маалымат беребиз”

Экологдор ыш менен күрөшүүгө олчойгон суммадагы каражат кетпей турганын айтышат. Алар бул багытта шаар тургундарынын көмүр жаккан калың катмарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көмүрдүн ордуна газ менен жылытууга өтүүнү же башка альтернативалык сунуштарды берүүнү туура көрүшөт.

Тургундар үй ичиндеги жылуулукту сактоо үчүн үйлөрүн жылуу кармаган жабдуулар менен камсыздашы зарыл.

Экоактивист Ажар Аманкулова бул багытта тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик эл менен иштешип, аларга жардам берүү керектигин айтат.

“Мен сизге түтүн маселесин чечүү үчүн канча каражат сарпталышы тууралуу так айта албайм. Бирок бул багытта көбүрөөк эл менен иштешүү керек. Энергетика министрлиги, Экология министрлиги, шаардык мэрия шаардын айланасындагы конуштарда биргелешкен багытта иш алып баруусу керек. Алар электр энергиясын эффективдүү пайдалануу, үйдүн дубал, терезелерин жылуулоо жаатында иш-чараларды уюштурушу зарыл. Бул биринчиден, көмүрдү азыраак жагып, калктын чөнтөгүнө пайда. Экинчиден, абанын булганышын азайтат. Азыр эл эмне колго тийсе, ошону менен үйүн жылытып жатат. Бирок баарын эле жеке секторго артып, күнөөлүү кылып коюу да туура эмес. Аларга жылуулук керек болгону үчүн от жагып жатышат. Бул жерде тиешелүү тармак, жергиликтүү бийлик эл менен биргелешкен, бир багыттуу иш алып баруусу керек”, — деди Аманкулова.

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы академиясынын доценти, саясат талдоочу Эмилбек Жороев жогорудагы пикирди колдойт.

Алгач эл менен иштешүү керектигин белгилеп, экологияга зыян келтирип жаткан унааларды, ар кандай заттарды жагып, үйүн жылыткан тургундарга каршы мыйзамга ылайык чараларды көрүп, тиешелүү тармак иштеши керектигин айтат.

Бишкектеги түтүн маселесин кыргыз бийлиги азарынча артыкчылыктуу көйгөй катары карай электигин айтат. Жороев өкмөт өзү жетиштүү көңүл бурбай жаткан маселеге эл аралык уюм 6 млрд бөлүп берүүсү “жөө жомоктон” да алыс деп баалады.

“6 млрд 700 миллион деген сумма такыр реалдуу эмес. Кыргызстан грант катары 6 млрд эмес, 600 миллионду да алып көрө элек. Жана андай грант алуу үчүн негиз да, даярдык да, сүйлөшүү да жок. Жөн гана абадан эле алынган орунсуз ой айтылды окшойт”, — деди Жороев.

Бишкек шаарында жыл сайын кыш мезгилинде калааны каптаган кара түтүн маселеси күн тартибинде туруп, жазында унутта калат. Жыл сайын булганган абанын индекси өсүп, нормадан 4-5 эсе көптү көрсөтүп турат.

Акыркы күндөрү Ош шаарында да абанын кескин булганышы байкалып, шаарды түтүн каптап турат.

Ушундай эле көрүнүш коңшу Казакстандын Алматы шаарында, Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте да жок эмес. Коңшу өлкөлөр азырынча абанын булганышын жоюу боюнча эффективдүү аракеттерге бара элек.

Ажар Аманкулова башка өлкөлөрдүн түтүндөн арылуудагы тажрыйбалары тууралуу буларга токтолду:

“Мындай кырдаалда Бишкектен сырткары бир гана Ташкент, Душанбе же Алматы гана эмес, өзүбүздүн Ош шаары дагы турат. Ал жакта да абанын сапаты боюнча индекс аталган шаарлардан кем эмес. Бул маселени чечүү үчүн ар ким ар кандай ыкма колдонот. Мисалы, Монголияда экологиялык жактан таза, кашаланган көмүр жагуу аракети болуп келет. Ал кайсы бир деңгээлде пайдасын берди. Ал эми Кытайда саясий эрк, бийликтин өкүмү катуу болгондугу үчүн алар көмүрдөн баш тартты. Башкача айтканда, бийлик көмүрдөн баш тартууга мажбур кылды. Биз андай кылалбайбыз. Ошондуктан биз мына азыр эле баштоого боло турган энергияны үнөмдөө ыкмасын сунуштап жатабыз.”

Дүйнө жүзүндө абанын сапатын тескеп турган World Air Quality көзөмөлдөгүчүнүн маалыматы боюнча Бишкек шаары акыркы жумада абасы кир эң булганыч үч шаардын бири болууда.

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев атайын жыйын өткөрүп, өлкөнүн ири шаарларын каптаган түтүндөн арылууга чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Анда да министр Динара Кутманова баяндама жасап, эл аралык уюмдар бөлгөн каражат тууралуу айткан.

«Ыш өнөкөт дарттарды козгоп, вирустук инфекцияны күчөтөт»

Copyright © 2017 Maral FM