Биз менен байланышыңыз

ЖЕЭК жыйынында эмне маселе көтөрүлдү?

Саясат | 9 Дек 2022 | 1353 | 0

 

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, анда ондон ашык документтерге кол коюлду. Жыйынга Кыргызстан Орусия, Белорусия, Казакстандын президенттери, ал эми Армения менен Өзбекстандын өкмөт башчылары катышты. Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсү, доллар жүгүртүүнү азайтуунун натыйжасы жана геосаясий көз караштар тууралуу да кеп болду. Орусия президенти Владимир Путин улуттук валюта менен кызматташууну жетишкендик деп бааласа, Белорусия президенти Лукашенко Батыштын санкциялары жумшара баштаганын айтып, геосаясий салмак Евразия чөлкөмүнө ооп жатат деп билдирди. Ал эми казак президенти казак бажысындагы тоскоолдуктар толук жоюларына ишендирди.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин кезектеги саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрөгалык кылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүн жетишкендик деп баалап, ушул темпте кызматташтыкты улантууну баса белгиледи. Ошондой эле рубль менен соода кылуунун оң жактарын айтып өттү.

«Үстүбүздөгү жылдын жазында биримдикке киргенөлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен макулдашылган иш-чаралардын натыйжасында биз азык-түлүк тартыштыгынан кутулдук.

Жалпы финансылык туруктуулукту сактоо үчүн биз жасаган маанилүү кадам болуп, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өзара соодада улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча биргелешкен чаралар болду. Ошентип, Кыргызстан менен биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үстүбүздөгү жылдын 3-кварталында 30%га өстү, ал эми биримдиктин өлкөлөрүнө экспорт 40%дан ашык өстү. Ошондой эле бул багыттагы прогрессивдүү кыймыл өз ара эсептешүүлөрдүн 75%дан ашыгын улуттук валюталарга которууга, ошондой эле орусиялык валюта соода аянтчаларына кирүүгө мүмкүндүк берди.

Биз келечекте бул валюталык портфелибизди диверсификациялоого гана эмес, импорттук инфляциянын басымын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Евразиялык интеграцияга берилгендигибиз, элибиздин жашоо-шартын жеңилдетүүгө болгон жалпы умтулуубуз менен товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын тоскоолдуксуз кыймылын жана адамдардын эркин катташын камсыз кылууда жаңы бийиктиктерге жетебиз деп ишенем»

ЕАЭБ лидерлеринин бул жолу жыйынындагы күн тартибинде 17 маселе каралууда.

Алардын эң манилүүлөрү газ рыногун түзүү, өнөр-жай кооперрацияларын каржылоо, биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу, Араб эмираттары менен эркин соода келишими, 2023-жылга карата негизги багытта жана электрондук кызмат көрсөтүүгө кыйыр салыктарды алуу тартиби каралды.

Орусиянын презинденти Владимир Путин биримдиктинөлкөлөрүндө жумушсуздук азайганын айтып, жалаң ЕАЭБ жетишкендиктерине токтолду.
«Дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктун шартында ЕАЭБ биримдиктин өлкөлөрүнүн экономикасын стимулдаштырууга мүмкүндүк берген натыйжалуу чараларды көргөн. Биримдиктин өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 18 пайызга төмөндөп, 1,1 пайызды түздү. Бул көрсөткүч экономикада негизги көрсөткүч болуп саналат. Айыл чарба өндүрүшү 5,4 пайызга өстү. Бул өтө байкаларлык жана маанилүү өсүш. Аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 4,7 пайызгаөсүүдө.Бул да абдан жакшы көрсөткүч, курулуш аны менен катар башка көптөгөн тармактарды тартат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 6,6 пайызга жетти, бул дагы жакшы көрсөткүч. Бизде инфляцияны ооздуктоо тенденциясы ачык байкалууда. Бул биримдиктин бардык өлкөлөрү үчүн маанилүү, анткени орус экономикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү тигил же бул жактарга таасир этет. Акыркы 30-40 жылдагы инфляциянынэң жогорку деңгээли Еврозонага кирген өлкөлөр. Евробиримдиктин кээ бир өлкөлөрүндө алар 20 пайызга же андан да жогору».

Казакстандын презиндети Касым-Жоомарт Токоев Казакстан биримдиктин өнүгүшүнө кызыкдар экенин, казак тарап бажыдагы тоскоолдуктарды жое турганын айтты.

«Казакстан тарабынан евразиялык интеграциянын өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдук болушу мүмкүн эмес. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү бири-биринин улуттук кызыкчылыктарын колдоонун жана урматтоонун аркасында сегиз жылдан ашык убакыттан бери биргелешип жаңы чакырыктарды жеңип келе жатат. ЕАЭБжөнүндө келишимдин институционалдык негиздерин мындан ары да кармануу маанилүү. Биз бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн келишимге толук ылайык экономикалык интеграция процессин жакшыртуу жана оптималдаштыруу үчүн бардыгын жасап жатабыз».

Жыйындын жүрүшүндө Беларусиянын президенти Александр Лукашенко геосаясий билдирүүлөрдү жасады. Ал Чыгыш Азия, Латын Америкасындагы биримдиктер менен кызматташуу зарылдыгын айтып, Батышты сындап өттү.

«ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС өлкөлөрүнүн саммитинин уюштурууга учур келди. Бул өлкөлөр ар кандай маданияттарды, көз караштарды, саясий системаларды сыйлоо зарылдыгы боюнча биздин мамилебизди бекемдейт. Саммиттин күн тартибиндеги негизги маселелер экономикалык кызматташтык маселелери болушу мүмкүн, мисалы, аймактык соода блокторун түзүү, улуттук валюталарды колдонуу, ошондой эле энергетика жана коопсуздук темалары. Мындан сырткары жамааттык Батыш өлкөлөрүндө жакын арада саясий кризис болот. Орусияга жана Беларусияга каршы санкциялар басаңдай баштады».

Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин бул жыйынына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да чакырылган болчу. Бирок анын ордуна Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов келди. Ал өз сөзүндө Өзбекстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилеп өттү. Ошондой эле байкоочу өлкө катары бул уюм менен алаканы уланта турганын билдирди. Ал Өзбекстан Орусияга айыл чарба азыктарын эң көп экспорттогонун жетишкендик деп баалады.

Өзбекстандан сырткары Куба республикасынын президенти да бул жыйынга онлайн катышты. Ал ЕАЭБ сыяктуу уюмдар менен кызматташтыкка Куба кызыктар деп белгилеп өттү.

Жыйын соңунда жалпы 15тей документке кол коюлду. 2023-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Орусия Федерациясына өттү.

 

Copyright © 2017 Maral FM