Биз менен байланышыңыз

6 өлкөнүн журналисттери Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон кысымга тынчсыздануусун билдирди

Коом , Саясат | 9 Дек 2022 | 675 | 0

Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын медиа коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана сөз эркиндигин коргоо максатында ар кайсы өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү менен онлайн телекөпүрө өткөрдү.

Анда сөз эркиндигинине карата кандай кысым, куугунтуктоо, массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу учурларын, мыйзамдуу чектөөлөрдү жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулашты.

Жыйынтыгында катышуучулар президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына, эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдошту. 

Бүгүнкү онлайн телекөпүрөгө Грузия, Молдова, Литва, Өзбекстан, Казакстандын журналисттери, Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети жана Justice for Journalist (Лондон) журналисттери катышты.

Иш-чара Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Онлайн телекөпүрөнү уюштуруучулардын бири, Vesti.kg маалымат булагынын жетекчиси Гладис Темирчиева Кыргызстанда сөз эркиндигине жасалып жаткан кысымга коңшу жана чет өлкөлөрдүн журналисттери тынчсыздануусун билдире баштаганын айтты.

Мындан улам башка өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, биргелешкен иш-чара уюштуруу демилгеси көтөрүлгөнүн түшүндүрдү.

“Бүгүн алты өлкөлөнүн журналисттери биздин жергиликтүү журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарын колдоо максатында онлайн режиминде чыгып сүйлөштү, биздеги болгон окуяларга өз пикирлерин билдиришти жана өз өлкөлөрдүн практикасын айтып беришти.

Башында иш-чаранын негизинде башка өлкөлөрдү журналисттери биздин президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасайт деген идея болгон. Бирок кийинчерээк биз андан баш тарттык. Себеби эл аралык мыйзамдар боюнча башка өлкөлөрдүн журналисттеринин буга укугу жок болгондуктан, мындай кадамдар башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү болуп эсептелинет экен.

Ошондуктан, бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биз баарыбыз журналисттердин укуктарын коргоо менен алектенген эл аралык коомчулукка кайрылабыз жана президент менен ЖК депутаттарына кайрылуу жолдойбуз”.

Буга чейин, 1-декабрдан 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык өнөктүгү жүрдү.

Акциянын максаты — дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү болгон.

Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланган. Маалымат өнөктүгүнө да алты өлкөнүн журналисттер катышкан.

Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылган.

Көз карандысыз журналист, Bulak.kg маалымат булагынын жетекчиси Семетей Аманбековдун пикиринде журналисттер элдин жана бийлик өкүлдөрүнүн душманы эмес, тескерисинче жардамчысы. Анткени алар жасап жаткан иликтөөлөрү, жарыялап жаткан макалалары менен паракорчулуктун жүзүн ачып, жаралган көйгөйлөрдү ачык-айкын көрсөтүп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп жатышат.

Аманбеков өлкөдө сөз эркиндигине жана журналисттерге үч тараптан кысым болуп жатканын белгиледи.

“Биринчиден, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатат;

Экинчиден, журналисттер, активситтер, блогерлерге кылмыш иштери козголуп, аларды мыйзамсыз камакка алып, мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып жиберип жатышат;

Үчүнчүдөн, ЖМК өкүлдөрүнө каршы митингдер уюштурулуп, кибербулинг аркылуу журналисттерди басмырлап, каралап, эл душманы катары көрсөткүсү келип жатат. Бул аракеттердин болушу – такыр туура эмес”.

Журналист Аманбеков буга чейинки бийлик да сөз эркиндигине басым жасаганга аракеттенип келишкенин, бирок бир да президент максатына жетпей калганын эскертти.

Телекөпүрө иш-чарасы Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга кысым көрсөтүүнү токтотууга жана колдоого;

Дүйнөдө мүмкүн болушунча көп адамдар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө билишин камсыз кылууга;

Ар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин тармакташуусуна жана кризистик кырдаалдарда жалпы жооп кайтарууга негиз салууга багытталган.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков буга чейин медиа коомчулуктун сөз эркиндигин колдоого, журналисттерди коргоого багытталган иш-чаралар, жөө жүрүштөр, бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүлгөн кайрылуулар жана сунуштар көз издемде калып, алардын үнү толук жетпей жатат деп эсептейт.

“Тилекке каршы биздин үнүбүз бийлик башындагыларга толук жетпей жаткандай сезилет. Анткени, биз жумушчу топ түзүлөт дегенден кийинки эле бир белгилүү мисалды келтирсем: журналист, кыргыз жараны Болот Темиров чет өлкөгө чыгарып жиберишти. Бул нерсе мыйзамга да конститукицияга да дал келбейт. Биз албетте, колубуздан келген, мыйзам чегинде аракетибизди кылып келип жатабыз жана дагы эле үмүтүбүздү үзбөйбүз.  Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт, президент дагы биздин аргументтерибизиди угуп, журналисттерге карата терс аракеттерин токтотобу деген үмүтүбүз жана талабыбыз бар”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан 20дан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Мындан сырткары, «Азаттык» радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр «Азаттыктын» сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө, активисттердин камалышына тынчсыздануусун билдирген.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланып, «Азаттыктын» сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат. Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM