Биз менен байланышыңыз

Миграцияда жүргөн жарандар кантип ипотекага үй алса болот? (расмий жооп)

Саясат | 9 Дек 2022 | 1279 | 0
Бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калктын турак-жай менен камсыз кылуу маселесин карады. Жыйында Мамлекеттик ипотекалык компания мүлк фондусуна 150 млн сом киреше бергендиги белгилүү болду. Ошол эле учурда Мамлекеттик ипотекалык компания жети жылдык ишмердүүлүгүндө болгону 7943 жаранды батир менен камсыз кылган. Депутаттар арзан турак-жай менен элди камсыздоо боюнча орчундуу маселелерди көтөрүп, компаниянын ишин сынга алышты.

Бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калктын турак-жай менен камсыз кылуу маселесин карады. Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Аида Төлөгөнова жалпы аткарылып жаткан иштер жана келечекке коюлган пландар боюнча маалымат берди.
«Биздин ипотекалык компания 2015-жылы түзүлгөн. Анын биринчи программасы ишке ашырылды, экинчи программасы «Менин үйүм 2021-2026″ деген программа былтыр ишке кирди. Турак жай программасына катышууну каалаган учурда 52 миң 981 жаран электрондук кезекке турду. Алардын ичинен 24 миң 444 жаран электрондук каттоодон толугу менен өткөн жана арыз жиберишкен. МИК тарабынан 24 миң 443 элекирондук аразы каралып, натыйжада 17 миң 307 жаран программага катышууда. Компания ишин баштагандан бери 7943 жаранга 12,7 млрд сомдук насыя берилди. Ошону менен 31 миң 500дөн ашуун жаран турак жай менен камсыз болду. Бул орто эсеп менен ар бир үй-бүлөдө 4-5 киши деп эсептелгенде. Жалпысынан 476 миң чарчы метрден ашык турак жай сатылып алынган жана курулган».
Мамлекеттик ипотекалык компаниясы биринчи этап менен 6,6 млрд сомдук 5400 насыя берген болсо, экинчи программанын биринчи жылында 6 млрд сомдук 2513 жаранга насыя берген. Ошону менен 8 миңдей жаран турак жай менен камсыз болгон. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр башында 14% менен берилсе, кийин 8%га түшкөн. Мөөнөтү дагы узарып, мурда 15 жылга берилсе, азыр 25 жылга созулду.
Депутат Камила Талиева аймактар, өзгөчө Баткен облусунда чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын үй алуу үчүн документтерин жана арыздарын чогултууда бюрократияны кыскартууну сунуштады. Аида Төлөгөнова Баткен облусунда жаз айларында турак жайларды курууну баштоо пландалып жатканын ал эми чек арачыларга кезексиз ипотекага батирлер берилип жаткандыгын билдирди.
«Азыркы учурда биздин Баткенде чек ара кызматында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлерине кезексиз ипотекага үйлөрдү берүү боюнча чечим чыгарылган».
Жыйында депутат Алишер Козуев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин сынга алып, мындан сегиз ай мурун ушундай эле маалымат бергенин, эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн сынга алып, мамлекеттик ипотекалык компанияларга караганда жеке компаниялардын иштери жогору болуп жатканыдыгын белгиледи.
«Силер мына бир жылдан бери баштап жатабыз, пландаштырып жатабыз деп эле айтып клесиз, ошол-ошол бойдон турат. 12 айдан 18 айга чейин бир компания  куруп, толук бүтүрүп, жарандарды пайызсыз ипотекага берип киргизип коюп жатат. Силерге карганда алардын ишмердүүлүгү жогору болуп жатпайбы. Менин жеке түшүнүгүм боюнча силердин иштериңер тоскоол болгондой да болуп жатат. Силер мамлекеттик кызматкерлериди кезекке коюп, аларды үмүткөр кылып отурасыздар. Алар 5 жылдан бери үмүттөнүп, кезкек күтүп отурушат. Жөн эле аларды орто жолдо кыйнап атасыңар. Ошол эле тизмеде дагы канчалаган коррупциялык иштер болуп жатат».
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы иштеп баштагандан бери 7 миңге жакын жаранга насыя берген. Ошондой эле Нарын шаарында турак-жай курулуп, Бишкектин Тунгуч кичирайонунда 9 кабаттуу үй салынган. 2022-жылы бюджеттен 3 миллиард 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, ушул тапта 8 миң адам кезекте турат.

Бир топ депутаттар бир миллионго жакын мекендешибиз турак жай алууну максат кылып, чет өлкөлөргө чыгып иштөөгө мажбур болуп жатышканын, аларга өзгөчө жеңилдиктерди берүү керектигин белгиледи.

Аида Төлөгөнова белгилегендей, миграцияда жүргөн жарандарга «Элдик турак жай» туунду компаниясы аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүк түзүү каралып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин «Элдик турак жай» туунду компаниясы аркылуу мигранттар менен биргеликте иш алып баруу үчүн, алардын аманаттарын чогултуп,  «Мегакомдун» «Мегапей» платформасынын негизинде ошол жакка акчасын чогултуп, насыяга үй алса болот. Ошол туунду компания менен курулуш иштерин чогуу алып жүрөлү деп, долбоорун Министрлер кабинетин сунуштадык, кийинки жылы иштер башталат». 

Мамлекеттик ипотекалык насыя коммерциялык банктардагы кредиттөөдөн айырмаланып, жарандар үчүн пайдалуу болушу керек. Бул максатта бүгүнкү күндө 4% менен ипотекага үй бериле баштаган. Мамлекеттик ипотекалык компания жети жылдык ишмердүүлүгүндө болгону 7943 жаранды батир менен камсыз кылган.

Copyright © 2017 Maral FM