Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуулады. Жыйын жалаң гана суроо-жооп, талкуу менен өттү. Депутаттар өлкөдөгү эң негизги социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жана бюджеттеги таңкыстыкты көтөрүштү.
8-декабрда парламент республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорун карады. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин тиешелүү жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов маалымат берди. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 322, 8 млрд сомду же ИДПга карата 34,8% деңгээлинде болжолдонуп жатат. Ал эми 2023-жылга пландалган бириктирилген бюджет 503,4 млрд сом.
«2024-2025-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 389 миллиард 211,5 миллион сомду жана 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөт. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленди. 2024-2025-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда, тиешелүүлүгүнө жараша 375 млрд 807,4 млн сомду жана 420 млрд 314,0 млн сомду түзөт. 2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт».
Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев бир жыл аралыгында УКМК коррупция менен күрөшүүдөн бюджетке канча каражат түшкөндүгүнө кызыкты. Финансы министри Алмаз Бакетаев быйыл УКМК бюджетке 8 млрд сом түшүргөндүгүн маалымдады.
«2020-жылдан баштап, эки өкмөттүн токтому бар, ошонун негизинде укук коргоого органынын деңгээлинде депозиттик эсеп ачылган. Республикалык бюджеттин эсебине жалпысынан 8 млрд сом түштү».
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, быйыл укук коргоо органдарына бюджеттен 18,5 млрд сом бөлүнгөн. Анын 2,6 млрд сому айлык акыга кетсе, калганы чек араны бекемдөөгө жана курал жарак менен күчтөндүрүүгө кеткен.
«УКМКга бюджетти толтуруу боюнча талап коюлбайт. Алар тарабынан бюджетке түшүрүлгөн каражаттар өлкөнү курал-жарак менен күчтөндүрүүгө жана чек арага багытталып жатат».
Депутат Жанар Акаев Баткен облусунун чек ара аймактарына Тажикстандын агрессиясынан талкаланган 420 үйдүн курулушу декабрда курулуп бүтүп, тапшырылат деген убаданын аткарылышына кызыкты.
Акылбек Жапаровдун айтымында, Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган болсо, анын 1 млрд сому бөлүнүп берилген. Ал эми 150 үй 20-декабрга чейин курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылат.
«Баткен облусунун чек ара аймактарында жабыркаган үйлөрдү «Аманат» курулуш компаниясы куруп жатат. Ал 31 субподрядчы компанияны алган. 20-декабрга чейин 150 үйдүн курулушу бүтүп, жашоочулар көчүп кирет. Калгандарын улам бүткөн сайын элдер кире берет. Курулушуна 1 млрд сом бөлүнүп берилген, керек болсо дагы бөлөбүз».
Депутат Жанар Акаев ошондой эле Кытайга 15 күнгө визасыз режим ачуу сунушу менен Акылбек Жапаровго кайрылды. Анын айтымында, Казакстан менен Өзбекстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизгендиктен, туристердин келүүсүнө жол ачылган.
Акылбек Жапаров учурда Кытай тарап менен бизнес визаны киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.
«Казакстан жана Өзбекстан Кытайга бизнес визасын, бири 10 күнгө, бири 14 күнгө чейин бизнесмендерге, инвесторлорго визасы жок чек арасын ачып берди. Биз дагы ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ошондой эле туристтик визанын үстүндө дагы иштеп жатабыз. Мына азыр саат төрттө Кытайдын вице-премьер-министри келди. Биздин сүйлөшүүлөр дагы ушул маселелерди камтыйт. Азыр Кытайда коронавируска байланыштуу катуу талаптар болуп жатат, ал талаптар солгундай түшсө, ушул иш аракеттер улантылат».
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 213 млн долларды түздү. Мунун 80%ы мамлекеттик тышкы карыз, калган 19%ы мамлекеттик ички карыз.