Биз менен байланышыңыз

Тергөө функциясы прокуратурадан алынса эмне өзгөрөт?

Саясат | 7 Дек 2022 | 984 | 0

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын максаты прокуратура органдарынын тергөөнү жүргүзүү боюнча функцияларын алып салуу жана аларды ички иштер кызматкерлерине, улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат. Аталган мыйзам долбоорду «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген.

Айрымдары тергөө функциясы прокуратурада болгонун туура көрсө, кээ бирлери каршы. Бул боюнча талдоочулардын пикирлерин жана түшүндүрмөсүн тыңдап көрдүк.

Мыйзамдарга ылайык прокуратура органдары тергөөнү өздөрү жүргүзүп кайра тергөөнү жүргүзүү учурунда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү өздөрү жүзөгө ашырат. Ошентип, коррупциялык көрүнүштөр жана кызыкчылыктардын кагылышуусу үчүн мүмкүнчүлүк ачылып, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттери начарлайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Жеңишбек Токторбаев белгиледи.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын ишиндеги системалык кемчиликтер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир этип, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттүүлүктү камсыз кылбай жатат, ошондой эле системанын ичинде, ошондой эле коомдо карама-каршылыктарды пайда кылууда.

“Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калышкан. Мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында абдан көп жумуштарды, реформаларды жасады. Ага болсо Башкы прокуратура тарабынан жети кылмыш иши козголуп бир айга жакын түрмөдө отуруп чыкты. Кийинчирээк болсо козголгон кылмыш иштери тергөө-иликтөө иштеринин негизинде кыскартылды. Буга моралдык жактан ким жооп берет?”.

Токторбаевдин пикиринде, тергөө функцияларын прокуратура органдарынан алып салуу прокуратуранын ишин консолидациялоо үчүн өбөлгө болот жана мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана бийлик институттарына жарандардын ишенимин көтөрүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.

Адвокат Замир Жоошев тергөө функциясынын прокуратурага берелиши башынан туура эмес чечим болгон деген ойдо.

Себеби прокуратура – көзөмөл кылуучу орган болгондуктан, өзү тергөө, андан кийин көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөнү туура эмес, муну менен жеке кызыкчылыктар пайда болорун кошумчалады адвокат.

“Бир орган өзү тергеп, көзөмөлдөгөн туура эмес деп эсептейм. 2017-жылы кабыл алынган жазык процессуалдык кодекске ылайык, прокуратура бир гана көзөмөлдөө функциясын аткарчу. Ошол туура болгон”.

Ал эми юрист Нурбек Токтакунов бул маселеге башкача карай турганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, прокуратуранын ишинде эң негизги карама каршылык – бул бир четинен прокуратура мамлекеттик айыпталуучу болуп тергөө жүргүзөт, андан кийин көзөмөлдөйт. Прокуратураны реформа кылуу үчүн көзөмөлдөө функциясын алып салып, орган тергөө жана мамлекеттик айыпталуучу катары иш алып баруусу натыйжалуу болоруна токтолду.

“Прокуратурада көзөмөл болсо анда каяктагы тергөө? Булар өзүн өзү көзөмөл кыла албайт да, ошол себептен прокуратура жазалоочу орган болуп калган. Дайыма бир гана бийликтин буйруктарын, буюртмаларын аткарып келген. Куугунтуктоо кылганды да прокуратура башкарат.

Ошондуктан прокуратурадан көзөмөл функциясын алып салуу керек”.

Бүгүнкү күндө тергөө функциялары үч органга: ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратурага берилген.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай тергөө жүргүзүүдө ар бир мамлекеттик орган мыйзамдын чегинде иш алып баруу үчүн эмес, пайда табуу жана жеке кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн иш алып барып, жемкорлук менен аралашып кетерин эскертти.

Анын пикиринде тергөө функциясы башкы прокуратурадан алынышы зарыл.

“Тергөө функциясы алынып салынса жакшы болот. Анткени прокуратура көзөмөлдөө функциясын аткарышы зарыл. Мыйзамдардын туура аткарылышын жакшы көзөмөлдөсө, ушул ишке көбүрөөк көңүл бурулса натыйжа болмок. Себеби көп учурда тергөөгө бөлүнүп, көзөмөлдөө иштери аткарылбай жатпайбы. Ошондуктан прокуратурада бир эле – көзөмөлдөө функциясы болсо туура деп эсептейм”.

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү милдети жүктөлүп жаткан прокуратура кызматкерлеринин өздөрү коррупциялык иштер боюнча кармалган учурлар көп кездешет. Буга чейин райондук, облустук жетекчилерден баштап, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысына чейин пара алып жаткан жеринен кармалган фактылар бар.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, көп мамлекеттерде тергөө бөлүмү президенттин алдында болорун айтты.

Ал ички иштер кызматкерлеринин прокуратура органдарынан эч айырмасы жоктугун кошумчалап, тергөө бөлүмү өз алдынча, көз карандысыз иш алып барышы керектигин түшүндүрдү.

“Негизи тергөө бөлүмү – өзүнчө жана көз карандысыз болушу керек. Ал президенттин алдында болгондо гана көз карандысыз боло алат. Бир нече функцияларды өзүнө камтып, коррупциянын деңгээлин аныктап, алып барып жаткан иштеринин сапатын билүүсү зарыл.  

Бир да уюмга же мекемеге таандык болбой, өз алдынча иш алып барышы шарт. Мындан сырткары ошол орган элдин ишенимине ээ болушу абзел.”  

Буга чейин, Советтер Союзу учурунда оор жана бетин ачууга татаал болгон кылмыштарга тергөө жүргүзүү Башкы прокуратурадан алынып салынган.

Былтыр 2-декабрда күчүнө кире турган Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тергөө менен кызматташуу эрежеси алынып, тергөө укугу Башкы прокуратурага кайтарылганын Президент Садыр Жапаров жарыялаган.

Өлкө башчы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлгөнүн, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта караларын билдирген. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлган болчу.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору.

Copyright © 2017 Maral FM