Биз менен байланышыңыз

Мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт

Саясат | 7 Дек 2022 | 785 | 0

Жогорку Кеңеште «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Бул долбоор унаа кырсыктарын алдын алуу, айдоочулук тартипти бекемдөө жана жол эрежелерин орой түрдө бузган айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан. Депутаттар өлкөдөгү жол кырсыктардын келип чыгуу себептери, жол белгилери, «Коопсуз шаар» боюнча бир катар маселелерди көтөрдү.

7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды. Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, бул долбоордо, жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулук тартипти бекемдөө максатында, жол эрежелерин орой түрдө бузган айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Билим жана илим министрлигинен айрым функциялары Ички иштер министрлигинин карамагына берилгендигине байланыштуу, айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдиргендей, жаңы мыйзам менен мас абалында унаа айдагандарга карата жаза күчөтүлүп, аларды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда.

«Мас абалында унаа айдагандардан айыппул алынып, анын ордуна айдоочулук күбөлүгнүнөн ажыратуу киргизилип жатат. Биринчи жолу ичип кармалса, бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажырайт, кайра кайталанса 3 жылга ажырайт, ал эми мас абаланда кырсыкка кабылса 3 жылга ажырайт. Ошондой эле айрым айып пулдун өлчөмү дагы көбөйдү. Ылдамдыкты 40тан 60ка көбөйтсө 7500 сом айып пул төлөйт,  ал эми ылдамдыкты 60тан ашырса 15 миң төлөйт. Мындан тышкары карама-каршы тилкеге чыккандарга 15 миң төлөнөт. Ал эми жол эрежесин одоно бузса, аларды кайрадан экзамен тапшырууга жиберип жатабыз. Ошондой эле мурда 15 күндө айып пул төлгөндөргө 70%дык жеңилдик берилсе, азыр анын мөөнөтүн бир ай кылып өзгөртүп жатабыз».

Азамат Исраилов күн сайын 15-20дай кырсык катталса, анын 1-2си малды сүзүп алуу фактысы экендигин маалымдады. Депутат Марлен Маматалиев малдын катышуусу менен катталган жол кырсыктарын алдын алуу максатында малдарды түнкүсүн жолдо айдоо учурунда жарык чагылдыруучу боектор менен камсыз кылуу талабын киргизүүнү сунуштады.

«Малды эреже катары жол аркылуу күндузү айдоо керек деп турбайбы, эми баары бир түнкүсүн айдоого туура келет же мал чыгып кетет. Ошондуктан сөзсүз түрдө жарык чагылдыруучу боектор менен камсыз болсун деген талапты киргизүүнү сунуштайм. Күнүнө 15 жол кырсыгы катталса, анын 1-2си малдын катышуусунда болот. Бул да бир маселе».

Бир топ депутаттар Бишкек шаарындагы унаалардын тыгын маселесин чечүү керектигин белгилеп, аны чечүү үчүн аткарылып жаткан иштерге кызыгышты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Бишкектеги жолдор 40 миң унаага ылайыкталгандыгын белгилеп, бирок учурда шаарда 500 миңден ашуун унаа болгондуктан, тыгындар унаалардын көптүгүнөн жаралып жаткандыгын белгиледи.

«Бишкек шаарына канчалык светофорлорду койбойлу, канчалык Бишкек шаардык мэриясы жолдорду ремонт кылып, жолдорду чоңойтпосун бизде унаалар токтой турган жай болбогондуктан жолдордо тыгын бар. Адамдар унаа токтотуучу жай болбогондуктан жолдун эки бетине унаасын аргасыздан токтотот. Андан жолдор кууш болуп, кайра эле жол тыгыны. Ошондуктан биз унаалар токтой турган жай маселесин чечишибиз керек. Мындан тышкары Япониянын компаниясы  менен шаардык трассаларда унаалардын коопсуз кыймылын камсыз кылган светофорду автоматтык башкаруу системасын киргизүүнү иштеп чыкканбыз. Аны ишке ашырууга 8 млн доллар керектелет. Өкмөттүн жана Каржы министрлигинин макулдугун алып, кийинки жылга киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».

Жашыл толкун системасын киргизүү ар бир кесилиште жол чырактрады жеке жөнгө салууга салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарды жаратат. Трасса боюнча кыймылдын ылдамдыгы жогорулайт, кесилиштерде жол кыймылынын топтолуусу кыскарат жана жол кырсыктарынын саны азаят.

Депутат Нуржигит Кадырбеков айдоочуларды алкоголдук ичимдиктерге текшерүү боюнча медициналык экспертизаны жүргүзүү маселелерине токтолуп, ошондой эле көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу керектигин белгиледи.

«Мас абалында унаа айдагандарга эч кандай аёо болбошу керек. Ал туура. Бирок дагы кыргыздын жакшы көргөн ичимдиги — бул кымыз. Арак адамды өлтүрөт, кымыз ден соолукка аябай пайда. Сиздерде ошол экөөнү айырмалап бүтүм чыгарып бере тургандай техникалык мүмкүнчүлүктөр барбы? Текшергенде бул кымыз, тиги арак ичкен деп чыгара тургандай».

Азамат Исраилов мындай мүмкүнчүлүк жок экенин, болгону Наркология борбору мас же соо экендигин гана аныктап бере тургандыгын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, бир жуманын ичинде Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан 3925 жол эрежесин бузуу аныкталган. Алардын ичинен 64ү мас абалында унаа башкаргандар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM