Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу мыйзамы комитетте колдоо тапты

Саясат | 6 Дек 2022 | 1012 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Президенттин ишмердиги жана экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга» өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ага ылайык, жаңы президент ишине киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлктөрдү колдонууну токтотот. Мыйзамдагы башка өзгөрүүлөргө алдыда кененирээк тотолобуз.

Шейшембиде тармактык комитет «Президенттин ишмердиги жана экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга» өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоору боюнча депутат Жеңишбек Токторбаев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизи максаты бюджеттеги каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталгандыгын белгиледи.

«Учурдагы мыйзам боюнча экс-президенттер өмүр бою күзөт менен толук камсыз болот, мамлекеттик үйлөрдүн бири өмүр бою пайдаланууга берилет, аэропорттордон жана башка мамлекеттик бекеттердеги расмий залдардан акысыз пайдалана алат. Ошондой эле акысыз медициналык тейлөө менен камсыз болот, өкмөттүк байлыныш жана байланыштын башка түрлөрү менен акысыз пайдалана алат. Мындан сырткары экс-президенттер, президенттин айлык маянасынан 75% өлчөмүндө пенсия алат. Демилгеленген мыйзам долбоору менен экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу. Жаңы президент ишине киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлктөрдү колдонууну токтотот. Экинчиси, президентти кошпогондо, президенттин резиденциясында убактылуу жашаган кызмат адамдары жашаган үйлөрдүн камуналдык кызмаиттарга өз эсебинен төлөсүн деген ченемди киргизип жатабыз. Резиденцияда президентти кошпогондо Парламенттин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы жана Башкы прокурор жашайт». 

Ошондой эле мыйзамдын жаңы редакциясында экс-президенттер мамлекеттик кайтарууну жеке каражатынан пайдалансын, медициналык кызматтарды эл катары колдонсун деген сунуш киргизилип жатат. Ал эми экс-президенттер, президенттин айлык маянасынан 75% өлчөмүндө пенсия алуу укугу сакталап калат.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча бир экс-президентти коргоого бир жылда 2 млн сомдой акча каражаты керектелет. Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков экс-президенттерге мамлекет тарабынан берилген кайтаруу кызматын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

«Президент болуу дагы оңой эмес, ошол мөөнөттө мамлекеттин жүгүн көтөрөт. Бирөөгө жаман көрүнөт, бирөөгө жакшы көрүнөт. Эл аралык келишимдерге кол коет, мамлекеттик сырды билет, башкача айтканда тобокелчилик менен жашайт. Эл үчүн таза иштеген президенттерге кызматттан кеткенден кийин берилген жеңилдиктерди алып коюу туура эмес деп ойлойм. Эл тарабынан дагы, мамлекет тарабынан дагы кыянаттык кылып, ага жаман мамиле кылып койгон сыяктуу деп эсептейм. Эгерде ак иштейм деген президенттер болсо, алар кийинки жашоосун ойлоп, өзүн коргоо үчүн коррупциялык элементтерге барышы мүкмүн да».

Ал эми депутат Нурланбек Азыгалиев экс-президенттерге мамлекеттик күзөттү эң аз беш жылдык мөөнөткө камсыздап берүү керектигин белгиледи.

«Биринчи президентибиз кайда, экинчиси кайда, үчүнчү президентибиз кайда. Ишеничибизди эч качан жоготпош керек, алдыда дагы жакшы президенттерибиз болот. Президенттер туура иш кылат, ката иш кылат. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек, президенттер мамлекеттик сырга  ээ болот. Президенттердин баардык мүмкүнчүлүктөрүн алып салбай, жок дегенде мамлекеттик күзөттү 5 жылга калтырыш керек. Экономикалык абалды түшүнүп жатам, бирок алдыда жакшы күндөрүбүз бар».

Депутат Дастан Бекешов экс-президентке карата мыйзамдын артка колдонулушу боюнча жобону кароо зарылдыгын белгилеп, бул мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго дагы иштеши керектигин эскертти.

«Мен бул мыйзамдын артка күчү жок экенин угуп, сөз алып сүйлөгөнгө туура келди. Кыскача айтканда бул мыйзам долбоору Сооронбай Жээнбековго иштебегени туура эмес. Жээнбеков Атамбаевге карата атайын мыйзам долбоорун чыгарып, анын макамын алган. Керек болсо алтынчы чакырылыштын депутаттары аны колдошкон, эч нерсе болгон эмес. Ошондуктан Жээнбеков өзү дагы көрсүн. Меним оюм боюнча бул дагы башка президенттерге сабак болот. Эгерде бул мыйзамды артка иштетпесек, анда бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн не кереги бар?».

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутаттардын сунуштарын кароого даяр экенин белгилеп, мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты.

Эске салсак, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 6 президент башкарса, алардын ичинен Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Copyright © 2017 Maral FM