Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Түштүк Корея курама командасынын машыктыруучусу кызматынан кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 6 Дек 2022 | 842 | 0

Португалиялык машыктыруучу Пауло Бенту Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Бразилияга утулуп калгандан кийин Түштүк Кореянын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти.

Бразилия менен Түштүк Кореянын командаларынын беттеши дүйшөмбү күнү “974” стадионунда өтүп, 4:1 эсебинде бразилиялыктардын пайдасына аяктаган.

«Мен футболчуларга жана Кореянын футбол федерациясына сентябрда кетүүнү чечкенимди жарыяладым жана муну ырастадым, ошондой эле алардын Дүйнөлүк чемпионатта жана бразилиялыктарга каршы беттеште жасаган бардык иштери менен сыймыктанаарымды айттым. Биздин оюн адилеттүү аяктады. Биз Бразилиянын командасын куттукташыбыз керек, алар чындап эле бизден жакшыраак болчу. Бирок биздин көрсөткөн нерсе, өзүбүдү сыймыктандырат», — деди Бенто

Бенто Түштүк Кореянын курама командасын 2018-жылдан бери жетектеп келет. Ал буга чейин Португалия курама командасын, «Спортинг Лиссабон», бразилиялык «Крузейро» жана Грециянын «Олимпиакос» клубдарын машыктырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM