Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнир өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыска кабар , Спорт | 5 Дек 2022 | 382 | 0

Кыргызстанга бокс боюнча эл аралык ассоциациянын жетекчиси Умар Кремлев келди. Аны 5-декабрда президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Жолугушууда Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Умар Кремлев Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эл аралык аренада ийгиликтүү намысты коргой алган, чет элдик турнирлерде судьялар катары да өлкөнү көрсөткөн ата мекендик спортчулардын дарамети жогору экенин белгиледи.

Мындан тышкары бокс эл аралык ассоциациясы Кыргызстанда турнир жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM