Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Өзбекстандан сатылып алынган жер семирткичтер маселесин көтөрдү. Жыйында жер семирткичтер Өзбекстандан 49 сомдон сатып алынып, Кыргызстанга келгенде дыйкандарга 30 сомдон сатылып, ортодо 100 млн сомдой мамлекетке зыян болгондугу маалым болду. Тиешелүү мамлекеттик органдар муну доллардын кымбатташына байланыштырышууда. Депутаттар болсо бул ишке Айыл чарба министрлигин айыпташууда.
Парламенттин Агрардык комитетинин жыйынында дыйкандарга арзан баада минералдык жер семирткичтерди берүү маселеси көтөрүлүп, айыл чарба министрлигинин жаз айында Өзбекстан менен 20 миң тонна жер семирткич алып келүү келишиминдеги маселелер көтөрүлдү.
Ушул жылдын март айынын аягына чейин өлкөгө Өзбекстандан 20 миң тоннанын тегерегинде азоттук-минералдык жер семирткич материалдык резервдер аркылуу келе тургандыгын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген эле.
5-декабрда Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев билдиргендей, бүгүкнү күнгө чейин келишимдин негизинде 5 миң тоннага жакыны гана жер семирткич келип, анын 7 тоннасы гана апрель айында сатылган.
Калган 4970 тонна жер семирткич 30 сомдон 10-декабрга чейин дыйкандарга бериле тургандыгы күтүлүүдө.
«Өткөн жумада жер семирткичтер боюнча өкмөттүн чечими чыгып, баасы 30 сом болуп бекитилди. Жер семирткичтер адегенде түшктүктө 49 сомдон, түндүк региондорго 52 сомдон туура келген. Кийин Монополияга каршы кызматы 46 сом 70 тыйынга түшүрүп берген. Бирок жеке ишкерлер алып келген баа арзан болгондуктан, акыркы тескеме менен 30 сом болгон. Ортодо 95 млн сомдук зыянды мамлекет төлөйт. Бул ошол учурдагы валюталык курстагы айырмачылыктан келип чыккан.
Өзбекстан менен 20 тонна минералдык жер семирткич алуу үчүн материалдык резервдер аркылуу келишим түзүлгөн. Анда бир тонна жер семирткичтин баасы 437 доллар менен эсептелген. Ошол учурда доллардын курсу 105 сом болуп турган. Ошентип 917 млн сом Өзбекстанга которулуп, бүгүнкү күнгө чейин 4977 тонна жер семирткич алынып келинген.
Мамлекеттин бизнес менен алектенүүсүнүн зыяны 100 млн сом болуп мамлекеттин жеке секторго ишенбөөсүнүн натыйжасында чоң зыян келип жаткандыгын депутат Балбак Түлөбаев сынга алды.
«Мамлекет жеке секторго ишенбейбиз деп жатып, алып келген натыйжасы мамлекетке 100 млн сом зыян болду. Эми ушул кантип болсун. Дагы өкмөткө айтып жатып, бир чечимге келгиле деп жатып, 5000 тоннага жакын мөөнөтү өткөн жер семирткич элге берилип жатат. Мөөнөтү өткөн жер семирткичти дыйканга бергенге болобу, же дагы дыйкандын шорун катырабызбы?».
Министрликтин дагы бир өкүлү жер семирткичтин колдонуу мөөнөтү алты ай деп жазылганы менен анын химиялык курамы өзгөрбөй тургандыгын белгиледи.
«Жер семирткичтердин жарактуу мөөнөтү 6 ай деп белгиленген. Алар сакталуу мөөнөтүнөн өткөндөн кийин сырты өзгөрөт, катып калат, бизде ошондой болот. Бирок химиялык курамы өзгөрбөйт.Биз алардан төрт жолу анализдерин алганбыз. Апрелде келгенде алдык, андан кийин октябрда алдык, акыркысы ноябрда алынды. Алардын сырты катыды, бирок химиялык өзгөрүүгө учураган жок, азоттун курамы 34%. Эгерде каптар ачылып калган болсо, анда сөзсүз өзгөрүүгө учурап, азот учуп кетет».
Ушундай эле көйгөйлөргө токтолгон депутат Султанбай Айжигитов Айыл чарба тармагындагы реформалар туура эмес жүрүп жаткандыгын сынга алды.
«Өкмөт экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди алып барышы керек болчу. Бирок булар экономиканы башкаруу деген менен ишкерлердин ишине тоскоолук жаратуунун айырмасын билишпейт. Мен бир жылдан бери экономиканы кантип башкаруу керектигин билишпегендигин айтып келе жатам. Ошентип, бир жылдан бери эле Айыл чарба министрлиги бизнес менен алек болуп жатат. Бул деген башкаруу эмес, кызматтык абалынан пайдаланып зыян келтирүүгө жатат».
Өлкө аймагында 600 дыйкан чарба жана 3 миңден ашуун фермердик чарба бар. Кыргызстанда айыл чарба тармагына бир дыйканчылык мезгили үчүн 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет. Анын ичинен 156 миң тоннасы азот. Алар негизинен Орусиядан, Казакстан жана Өзбекстандан ташып келинет. Жер семирткичтерди ташуу боюнча 7 жеке ишкер жана бир ассосация иш алап барат.