Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөдөгү сууларга 28 млн чабак балыгы кое берилди

Экономика | 2 Дек 2022 | 925 | 0

Быйылкы жылдын 9 айында өлкөдө жайыт пайдалануучулардан 120 млн сомго жакын жыйым топтолду. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 33 млн сомго көп экенин Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти маалымат жыйында билдирди. Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө балык чарбасы тууралуу да сөз болду. Ага ылайык, ушул жылдын 10 айында Кыргызстандагы сууларга 28 млн чабак балыгы кое берилди. Ал эми эки жыл мурун 17 млн гана чабак балыгы кое берилген. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн балыктардын көпчүлүгү Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.

Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти быйыл жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу максатында бир катар иштерди аткарды. Себеби Кыргызстанда жылдан жылга жайытка чыккан малдын саны көбөйгөндүктөн жана тийиштүү кам көрүлбөгөндүктөн, жайыттар деградацияга учурап, түшүмдүүлүгү азайууда.

Азыркы учурда өлкөдө жайыт жерлери 9 млндон ашык гектар аянтты ээлейт. Анын 1,6 млн гектардан ашык аянтын отоо чөп басып кеткен.

Департаменттин директору Максатбек Мамытбеков отоо чөп баскан жайыттарды тазалоо жана калыбына келтирүү үчүн жыл сайын аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Быйыл жайыт пайдалануучулардан 120 млн сомго жакын жыйым топтолду. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 33 млн сомго көп.

«Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жайыт экосистемаларын жана инфраструктура түзүмүн, малдын генетикалык ресурстарын сактоо жана өркүндөтүү болуп саналат. Республика боюнча жайыт комитеттер 2022-жылдын 9 айына карата жайыт пайдалануучулардан жайыт комитеттери тарабынан жайыт жыйымдары 117 464 523 сом өлчөмүндө чогултулуп, өткөн жылдын 9 айына караганда 33 467 924 сомго көп жыйналды, же болбосо 140 пайызга аткарылды. Жайытка чыккан малдын жалпы саны өлкө боюнча 5 477 078 башты түзөт. 2022-жылга иш пландын негизинде Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту 1 тонна жайыт үрөнү Орусиядан сатылып алынып, 54 гектар жерге үрөн көбөйтүү максатында себилген».

Мындан сырткары быйыл Айыл чарба министрлиги балык чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Мекеменин жетекчиси Ниязов 10 ай ичинде өлкөдөгү сууларга 28 млн чабак кое берилгенин кабарлады. Учурда департамент балык чарбасы менен алектенген ишкерлер менен биргеликте бир канча долбоорлорду ишке ашырууда.

Ошондой эле быйыл өлкө боюнча балык кармоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмү 76 миң 603 сомду түздү.

«2022-жылдын 10 айында Кыргызстандагы сууларга 28 млн чабак кое берилди. Чабактар Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарына кое берилет. 2020-жылы 17 млн чабак кое берилсе, 2022-жылдын 10 айында эле 28 млн чабак кое берилди. Алар ак балык, кабык, сазан жана Ысык-Көл форелинин чабактары. Департамент менен келишимдик байланышта болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан товардык балык өндүрүү 11 миң 83 тоннаны түздү».

Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси Ренад Досаев 42 жылдан бери балык чарбасы менен алектенет. Ал Кыргызстанда балык өндүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар бар экенин айтат.

Ал өндүрүлгөн балыктарды көбүнчө чет жакка экспорттойт. Бул чарбада былтыр 1750 миң тонна балык өндүрүлгөн.

«Бизде азыр бир канча балыктын түрлөрү өндүрүлөт. Бул балыктар жылуу сууда өсө турган балыктар. ЖЭБ бизге жакын болгондуктан жылуу суусу ушул жакка чейин келет. Ошол сууга балык өндүрөбүз. Мурдагы жылы 1750 миң тонна балык өндүрүлгөн. Балыктын көпчүлүгүн Орусия жана Казакстанга сатабыз. Калганын өлкө ичинде сатабыз».

Балык чарба департаментинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын жыйынтыгында 5 миң тоннадан ашык балык өндүрүлгөн. 2019-жылы 3 миң тоннадай балык өндүрүлгөн. Балыктардын баасын орто эсеп менен «бир килограммын 250 сом» деп алганда, өткөн жылы бир миллиард сомдон ашык киреше түшкөн. Адистер өлкөдө балык чарбасы өнүгүп келе жатканын белгилешет.

 

Copyright © 2017 Maral FM