Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө нааразы

Саясат , Экономика | 2 Дек 2022 | 1136 | 0

Кыргызстандын банк тутумун жөнгө салуу, өлкөнүн финансылык туруктуулугуна көмөк көрсөтүү, калкы кредиттөө системасы жана банктардын ишмердүүлүгү боюнча парламенттеги «Ишеним» фракциясынын жыйыны өттү. Анда Улуттук банктын ишмердүүлүгү, элге берилген пайызсыз насыялар жана коммерциялык банктардагы валюта саясаты талкууланды. Жыйында ошондой эле алдыда валюта рыногунда күтүлгөн божомолдор айтылып, өлкөдөгү банктардын элдин акчасынан ашыкча төлөм алып жаткандыктарына эл өкүлдөрү нааразычылыктарын билдиришти.

Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2-декабрда кезектеги жыйынын өткөрүп, күн тартибинде өлкөнүн акча-кредит саясатын аныктоо жана ишке ашыруу, финансылык туруктуулукка көмөктөшүү, банк тутумун, анын ичинде банктардын жана банктык топтордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселеси каралды.

Улуттук банктан төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдиргендей, Кыргызстан да көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле туруктуу инфляциялык басымга дуушар болууда. Ушул жылдын ноябрына карата жылдык инфиляция 14,5%ды түздү.

«Мындай шартта Улуттук банк улуттук валютаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого жана экономикадагы инфиляциялык процесстерди чектөөгө багытталган акча-кредиттик саясатты жүргүзүүнү улантууда. Бул багытта 2022-жылдын башынан бери Улуттук банк үч жолу катары менен эсептик ченди 8%дан 14%га көтөрдү. Бирок ушул жылдын 28-ноябрында Улуттук банк эсептик ченди 13%га төмөндөттү. Ошону менен акча -кредиттик саясаттын багытын акырындык менен жумшартууга аракеттер көрүлүүдө», — деди Куленбеков.

Кайып Куленбеков өлкөдөгү валюта рыногундагы абал боюнча токтолуп, ушул жылдын февраль айынан баштап дүйнөдөгү геосаясий абал жана тышкы финансылык рыноктогу белгисиздик чоң таасирин тийгизгендигин белгиледи.

«Алмашуу курстарындагы кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу максатында Улуттук банк валюталык интервенцияларды жүргүздү. Жыл башынан бери 339 млн доллар сатты. Бирок ошол эле учурда 190 млн доллар сатып алды. Ошентип таза сатуу 148 млн долларды түзгөн. Курсту туруктуу кармоо үчүн бир канча иш-аракетитерди жасаганбыз. Жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 84,8 сомдон, 84,44 сомго чейин түштү. Ошону менен 0,42%га төмөндөгөн».

Жыл ичинде банк секторунда өнүгүү тенденциясы байкалып, банк секторунун активдери жыл башынан бери 29%га өсүп, 467 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда кредиттик портфель 197 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 9%га көбөйгөн. Ал эми депозиттик базасы 317 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 28%га өскөн.

Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарды 130 жолу, банктык эмес секторлорду 150 жолу жана акча алмашытруучу жайларды 44 жолу текшерген.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жарандар Кыргызстанга акчасын доллар түрүндө которгон учурда аны толук ала албай, банктар пайыз кармап жаткандыгын сынга алды.

«Алар 1000 доллар салып жатса, эмнеге бул жактан 1000 доллар бербей жатасыздар? Эмнеге 3% кармап калып жатасыздар? Мырда мындай болгон эмес да. Эмнеге, кандай акыңар бар силердин бирөөнүн акчасын кармап калышка? Алар күнү-түнү маңдай тер менен иштеп, ата-энесине, үй-бүлөсүнө акча которуп жатат. Силер бирөөнүн акысын жеп, негизсиз кармап калып жатасыздар. Керек болсо бул боюнча сиздерге кылмыш ишин ачыш керек»

Кайып Куленбеков банктар кардардын тандоосу боюнча жиберилген валюта менен же сом менен бериле тургандыгын айтты.

Жыйында маалым болгондой, Баткен облусунда акыркы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган жарандардын 19 млн сомдук кредити кечирилди жана 36 млн сомдук карызы реструктуризацияланды.

Жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жалпы Улуттук банкта сакталып жаткан алтындын запасы боюнча дагы маалымат берди.

«1-ноябрга карата Улуттук банктын карамагында 37, 8 тонна алтын бар. Эгерде Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн финансылык отчетту карасак, алтын валюта резервинде 57,7 млрд сомго барабар алтын бар, бул 13 тонна. Алтын жана алтын запастарында 118 млрд 400 млн сомго жакын, бул 24, 6 тонна алтын. Ошонун баары биригип, 37,8 тонна алтын. Бардыгы болуп, резервдердеги жана запастардагы алтындын баасын санасак, анда 176 млрд сомдун тегерегинде болот».

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков бир жыл аралагында банктарга 1 млрд 372 млн сомдук насыя берилгендигин маалымдады.

«Анын ичинен 1 млрд 127 млн сому өздөштүрүлдү. Ноябрь айында 245 млн сом бөлүп бердик. Мурда чакан бизнес ээлери 250 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алса, орто бизнес 1 млн сомго чейин алып келген. Биз Дүйнөлүк банк менен бир нече жолу жолугушуп, аны көтөрдүк. Азыр чакан бизнес 1 млн сомго чейин насыя ала алат. Ал эми орто бизнес 3 млн сомго чейин ала алат. Бул жаңы шарттар боюнча 3 жылга берилип, баштапкы 3 ай жеңилдетилген мезгил».

Евразия өнүктүрүү банкы банкка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы боюнча жаңыланган болжолун жарыялады. Финансы институтунун эксперттери келерки жылы Кыргызстанда инфиляция басаңдайт деп күтүшүүдө. Банктын талдоочулары бул жылы өлкөдө баалардын өсүшү 14%ды түзөрүн, бирок келерки жылы ал 5.2%, 2024-жылы 4.8%га төмөндөй тургандыгын божомолдошууда. Ошол эле учурда ЕӨБ Кыргызстандагы анча-мынча инфляциялык тобокелдиктерди жокко чыгарбай тургандыгын да белгилейт.

Үстүбүздөгү жылы 1 доллардын орточо жылдык алмашуу курсу 83.7 сом деңгээлинде болжолдонууда. ЕӨБ 2023-жылы ал болжол менен ушул эле деңгээлде (1 доллар – 83.3 сом) кармаларын билдирди. Бирок 2024-жылы улуттук валюта – сом алсырап, 1 доллар 85 сомдон да жогору көтөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM