Биз менен байланышыңыз

Депутаттар саясий куугунтук маселесин кайра көтөрүштү

Саясат | 1 Дек 2022 | 481 | 0

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Алар менен катар эки депутаттын парламенттеги билдирүүсү үчүн прокуратурага суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу каралды. Эки депутка жасалган мамилени айрым депутаттар мыйзамсыз деп баалашууда. Жыйында Өмүрбек Бакировдун кабинети боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы жана орун басарлары дайындалды. Мындан сырткары Кемпир-Абадка байланыштуу өз каалоосу менен Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кеткен Медер Алиевдин ордуна жаңы төрага шайланды. Парламенттеги негизи окуяларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин 1-декабрдагы жыйыны депутат Шайлообек Атазовдун аны суракка алган прокуратурага нааразылыгын билдирүү менен башталды. Ал прокуратурага суракка чакырылганын билдирип, мындай кадамды мыйзамсыз деп атады.

«Элден түшкөн арыздарды Башкы прокуратура карап койсун деген ойду айтып жатабыз. Бизди келип үч прокурор суракка чакырып кетип жатат. Биз суракка чакырганга арданбайбыз. Болгону Башмыйзам бузулуп жатат. Биз мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз, коопсуздук үчүн, келечек үчүн президенттин саясатын колдоп жатабыз. Мен кечээ көтөргөн маселелер боюнча иштеп башташыптыр. Мына ошол иштерди депутаттар көтөргөндөн кийин гана иштеш керек беле. Ошону өздөрү эле билип, өз учурунда аткара берсе болбойбу? Азыр түнү менен дагы прокуратура органына нааразы болгондордон арыздар түшүп жатат. Мен Башкы прокурордон суранат элем, кечээки суракта сиздин өкүлдөрүңүз эки күндө жыйынтык чыгарып беребиз деди, ошону аягына чыгарып бериң».

Депутат Камила Талиева эл өкүлдөрүнүн прокуратурага суракка чакырылышын сынга алып, мындай көрүнүштү аша чапкандык катары баалады. Ал депутат ой-пикири, сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукка алынбашы керектигин белгилеп, буга мыйзамдык жана саясий баа берүүнү сунуштады.

«Кечээ прецендент түзүлдү. Биз Башмыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Башмыйзамды окуп, беренелерин карап коюшса болмок. Биздин Башмыйзамда дагы, Регламентте дагы жазылып турат «депутаттар сүйлөгөн сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка алынбашы керек» деп. Эгерде прокурорлорго маалымат керек болсо, келип эле кабинетинен алып кетишсе болмок. Мындай прецендент эми кайталанбашы керек. Ошондуктан буга саясий жана мыйзамдык баа берип коелу. Менин оюмча бул аша чапкандык болуп жатат».

Ал эми депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүнкү жыйында президент Садыр Жапаровго кайрылып, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну сунуш кылды.

Ал кечээки парламенттин жыйынында мурунку депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айткандан кийин прокуратура суракка чакырганын билдирди. Ошол эле учурда Жээнбековдор менен Башкы прокурордун кандай байланышы бар деген суроо салды.

«Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Туура эмес иш болду. Биз башкы прокурорго асылдыкпы? Биз элдин арызын айттык. Аларды жеткирбесек, анда “балык” депутат болуп отурушубуз керекпи? Элдин үнүн жеткирдик. Менде ондогон арыздар бар. Башкы прокурордун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар экенин билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду дагы сөзсүз камаш керек. Ал Атамбаев менен чогуу табакташ болуп жүргөндө анын жакшылыгын көрүп, жамандыгы болгондо бөлөк туруш керекпи?».

30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдор Башкы прокуратурадагы коррупциялык иштерди сынга алышкан, түштөн кийин алар прокуратурага суракка чакырылышкан.

Депутат Айбек Осмонов депутаттардын укуктары так сакталышы керектигин белгилеп, бардык тараптарды ынтымакка чакырды.

«Биздин Башмыйзамдын 7-8-беренесинде депутаттардын ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн, ошого жараша мыйзамдарды так сактасак. Бул жерде депутаттардын ар бир айткан сөзүнө жана пикирине маани бере берсек, кантип иштейбиз? Биз бул жерден элдин арызын, кайрылууларын билдирип турушубуз керек. Садыр Жапаров өзү баарына мыйзам бирдей экендигин айткан». 

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Айбек Маткеримов өзүнүн партиялаштарына кайрылып, кадрлары кызматка барбай калган учурда негизси сындап чыкпоого чакырды.

«Сиздер дагы туура маалыматтарды жеткиришиңиздер керек. Ушул маселелердин бары ар кимибиздин ар жерде шыйпаңдап жүргөнүбүздөн келип чыгып жатат. Ошондуктан барыбыз чындыкты алдыга карап сүрөйлү.Бул жерде отурган 90 депутаттын укугу бирби, демек барыбыз бир бололу. Ошол эле учурда өзүмдүн кесиптештеримдеен дагы суранам. Бирибиздин маселебиз чечилбей калса, же кадрыбыз кызматка барбай калса, жок жерден сындап чыкпайлы. Кыргызстандын келечеги үчүн чогуу иштейли, сиздерден ошону суранам».

Жыйында Президенттин иш башкармалыгынын орун басарынын депутат Өмүрбек Бакировду кабинетинен мыйзамсыз чыгаргандыгы боюнча депутаттык комисси түзүлүп, ага Гүля Кожокулова төрайым болуп шайланды.

Мындан тышкары Кемпир-Абадка байланыштуу өз каалоосу менен Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кеткен Медер Алиевдин ордуна жаңы төрага шайланды.

Ошентип 81 депутаттын «макул» добушу менен комитетинин төрагалыгына «Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова шайланды.

Copyright © 2017 Maral FM