Биз менен байланышыңыз

Июнь окуясы: Жапаров, Ташиев, Келдибеков, Мамытов күбө катары сотко чакырылат

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 512 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды.

Отурумга судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылууда.

Июнь окуясы боюнча иште айыпталуучулар Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бактыбек Алымбеков. Атамбаев, Асанов жана Дүйшөбаев камакта.

Кеңешбек Дүйшөбаев сотто көрсөтмө берип жатып, күбө катары президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана депутат Талант Мамытовду чакырууну сунуштады.

Судья Бердимуратов өтүнүчтү канааттандырды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев сот отурумуна тез жардам унаасы менен күч кызматкерлеринин коштоосунда алып келинди.

Отурумдун башында Атамбаев сотту «цирк» деп атап, ишти өзүнүн катышуусу жок эле кароону өтүндү. Ал темир торду тепкилегенден кийин аны залдан чыгарышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM