Биз менен байланышыңыз

Атамбаев сот отурумуна тез жардам унаасы менен алып келинди

Кыска кабар | 1 Дек 2022 | 799 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.

Ага 2010-жылы болгон июнь коогалаңына байланыштуу иштин алкагында айып тагылган. Сот отуруму 14:00гө белгиленген.

Атамбаевди сот отурумуна тез жардам унаасы менен күч кызматкерлеринин коштоосунда алып келишти.

Жактоочу Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаевге Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айып коюлганын билдирген.

Тергөөнүн маалыматында, Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү пайда алуу үчүн жаңжал чыгарышкан деп айтылат.

Июнь окуясы боюнча президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырган.

Иштин алкагында Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да суракка алынган.

20-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчы Бектур Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айып тагылган.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM