Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетпей турганы айтылды

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 269 | 0

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматынан кетери тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн социалдык тармакта Бишкек мэринин кызматтан кетгендиги тууралуу жазып чыгышкан.

Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын 24-февралында Бишкек шаарынын мэри болгон. Ага чейин Бишкекти Айбек Жунушалиев башкарган.

63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Таластын Кара-Ой айылында туулган. Ал буга чейин Ала-Бука районунун акими болгон.

Аскар Акаев президент болуп турганда бир нече жыл Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. Андан тышкары «Нур Строй монтаж» курулуш компаниясынын башкы директору катары да белгилүү.

29-ноябрда Ош шаарынын мэри алмашып, Алмаз Мамбетовдун ордуна Бакытбек Жетигенов калаа башчысы болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM