Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иштин материалдары сотко өттү

Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 467 | 0
"Дөө Чыңгыз" кармалган учурдагы сүрөт

Крим чөйрөсүндө «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кабарлашты.

Маалыматка караганда, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Бишкектеги №1 тергөө абагындагы беш жаранга “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып тагылды.

Алар: Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б.

Алар адам өлтүрүүгө жеке кастыктын негизинде, алдын ала сүйлөшүп алып, барышкан. Бешөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып коюлду. Ошондой эле өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыргандыктары үчүн Т.Ж., Д.А. Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренеси (“Кылмышты жаап-жашыруу”) менен айыптары угузулуп, кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна негизинен кароо үчүн жөнөтүлдү.

Ал эми, Бишкек шаарынын тергөө абагынын кызмат адамдарына карата, алардын күнөөсүнөн режимдик объектте киши өлтүрүү мүмкүн болгондуктан, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндү тергөөсү аяктоо алдында турат.

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Чыңгыз Жумагуловдун тергөө абагында киши колдуу болуп өлүшү боюнча териштирүүсүн август айында баштаган.

Чыңгыз Жумагулов 30-июлда өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Жумагуловду камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнү жана ал бул фактыны моюнуна алганы айтылган. 

УКМКнын басма сөз кызматы 15-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдирген. Аны кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Жумагулов соттун чечими менен №1 тергөө абагына 7-сентябрга чейин камалган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM