Биз менен байланышыңыз

Алматыда Элмирбек Иманалиевдин казакча которулган «Аманат» китебинин бет ачаары болду

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 29 Ноя 2022 | 7815 | 0

Бүгүн, 29-ноябрь КР эл артисти, таланттуу акын жана обончу Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу китебинин казак тилине которулган китебинин бет ачаары болду.

Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын Алматы шаарындагы  казак улуттук китепканасында өттү.

Ага, Казакстандын маданият министринин орун басары Данияр Алиев, казак акындары, эл артистери катышса Кыргызстандан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо , Эл акындары Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов жана акындын жубайы баш болгон, белгилүү ырчы, төкмө акындар катышты.

Китепти казак тилине которгон казак төкмө акыны Айбек Калиев.

Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов сөз сүйлөп, китепти кыргызчалаган казак акынга ыраазычылык билдирип, акындын чыгармачылыгына токтолуп, андан соң  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун казак улуттук китепканасына берип жиберген сыйлыгын китепкананын  директоруна тапшырды.

Ачылыш аземде акындын ырларын Туран универстетинин студенттери көркөм окушту.

Китептин салтанаттуу ачылышы, эки элдин ырчы, төкмө акындарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM