Биз менен байланышыңыз

4 райондун атын өзгөртүү: Орусиянын реакциясына кыргыз бийлиги жооп бере элек

Коом , Саясат | 28 Ноя 2022 | 1012 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-ноябрда жалпы Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Бишкектеги төрт райондун жана башка жер-суулардын аттарын кыргыз тилиндеги аталыштарга которууну демилгелеген.

Ошол эле күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары Шакиевдин демилгеси «Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө» жатарын айтышып, Грузияда жана Украинада да баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президентинин да кийлигишүүсү зарылдыгын белгилешкен.

Шакиевдин сунушу жана Орусиянын реакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү» катары сыпатталууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин сунушуна Орусиянын Мамлекеттик Думасынын үч депутаты дароо реакция жасашты. Тактап айтканда, Светлана Журова, Александр Ющенко жана Дмитрий Новиков Кыргызстандагы айрым аймактардын аталышын кыргызчага атоо демилгесин «кыргыз бийлиги советтик өтмүшкө түкүрүп жатат», Кыргызстанда «антисоветтик рецидив» башталды, — деген сындарды айтышты.

Бул маселе кыргыз коомчулугу тарабынан кызуу талкуу жаратып, “өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү” катары сыпатталды.

Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева да бар. Ал административдик-аймактык аталыштарды өзгөртүү — эгемен өлкөнүн ички иши экенин белгилеп, мындай аракеттин Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок деп эсептейт.

«Кыргызстанда гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет».

Эл өкүлү Дастан Бекешев райондордун аталыштарын кыргызчалатууга каршы эмес. Бирок борбор калаада андан сырткары толгон токой маселе бар экенин эске салып, биринчи кезекте көйгөйлөрдү чечип андан кийин гана анан аталыштарды өзгөртүүгө киришиш керек деген ойдо.

Мындан сырткары ал орусиялык кесиптештерин акыл үйрөтпөөгө чакырды.

“Мага бул жерде бир нерсе жакпай жатат. Орусиялык депутаттар бизге акыл үйрөтүп жатышпайбы: “Андай кылбагыла”, “Орус тилине каршы чыгып жатасыыңар” деген сыяктуу сындарды айтышууда. Менимче бул өтө туура эмес. Алар биринчи кезекте өздөрүнүн маселелерин чечип алышса жакшы болот эле, себеби Орусияда дагы толтура маселелер бар. Шайлоочулардын талабын аткарышып, ички маселелерин чечип алышып анан бизге бир нерсе деп айтышса жарашмак. Ички маселелерибизди болсо биз өзүбүз чечип алабыз”.

Райондордун аталыштарын кыргызчалатуу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп чечилбей келерин тарыхчы Кыяс Молдокасымов айтат.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы туура меселени козгогонун белгилеп, эгемендүү өлкө болгондуктан Совет учурундагы аталыштарды кыргызчалатууга убакыт эчак келгенин билдирди.

Бул ишке бир топ каражат керектелгенин кошумчалап, финансы жагынан маселе чечилсе, сөзсүз түрдө нукура кыргыз тилиндеги аталыштарга өзгөртүү зарылчылыгына токтолду.

“Албетте буга бир топ каражат керектелет, себеби картографияны, Бишкектеги бардык документтерди оңдоого акча талап кылынат. Бирок ошол каражатка карабай, Кыргызстанда жашап жатканыбыздан, борбор калаабыз болгондуктан, тарыхый, нукура кыргызча аталыштар менен оңдоп коюу зарыл. Мисалы, Алмата шаары эчак эле ар бир көчөсүнөн баштап шаардын райондорунан бери казакча аталыштарды берип коюшкан. Биз да ошого жетишибиз керек”.

Борбор калаада төрт район бар: Октябрь, Свердлов, Биринчи май жана Ленин райондору.

Кыргызстандын эгемендигине, өлкө катары өсүп өнүгүүшүнө, азыркы убакытка жетишине фундамент болгон тарыхый инсандарды жана тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

“Ленинди алалы, бизди мамлекет катары калыптынашына, алтын төлөп бизди Кытайдан көчүртүп, фундамент куруп, автономия андан кийин республика болушуна чоң салымын кошкон.

Свердлов, Биринчи май жана Октябрь аттуу инсандардын кыргыз элине, мамлекетине фундамент болуп берген аттарын “кыргызча которолу” деген бул болбогон эле сөз. Өзүбүздүн тарыхыбызды сыйлашыбыз керек. Октябрь, Ленин, Свердлов, Биринчи май — деген орустардын сөзү эмес, орустарга тиешеси да жок. Бул тарыхый этап жана биздин мамлекетибиздин түптөлүшүнө алып келген улуу инсандар”.

Аталган сунушка орусиялык саясатчылардын комментарий бериши менен эки өлкөнүн ортосунда чоң маселеге айланып кетти.

«Орусиянын жаңыдан өсүп келе жаткан саясий элитасы абдан сабатсыз, агрессивдүү жана дайым доминанттуу түрдө иш аракеттерди көрүшөт. Мындан сырткары Борбор Азияга карата примитивдүү иш-чараларды алып барууда». Мындай пикирин юрист Таттыбүбү Эргешбаева билдирип, бир нече сунуштарды атап, Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация тарабынан Орусияга дипломатиялык нота жиберүү зарылчылыгына токтолду.

“Биринчиден, бүгүнкү күндө аталган демилгени компетенттүү түрдө жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуш кылып, өздөрү чечсе болот;

Экинчиден, жөндөн жөн эле Жогорку Кеңештин өкүлдөрү бул маселелени байма-бай көтөрө бербестен, жабык түрдө эле өзгөртүп койсо болмок;

Үчүнчүдөн, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация Орусияга диломатиялык нота жиберип коюшу керек. Себеби мындан ары эки өлкөнүн ынтымагы жана тынчтыгы үчүн мындай темалар айтылып, талкууланбашы керектигин эскертип коюу зарыл.”

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңеш жана президенттин администрациясы расмий жооп бере элек.

Буга чейин 16-ноябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Кыргызстанда айыл, аймак, район жана облус аттарын жапырт кыргыз тилинде атоо 1991-жылы эгемендикти алгандан тарта башталган.

Copyright © 2017 Maral FM