Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо мыйзамы коомдук талкууда

Саясат | 28 Ноя 2022 | 439 | 0

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаттары борбор калаанын мэрин шайлоо демилгесин көтөрүүдө. Ага ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутаттар борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, мыкты жетекчи шайлоого шарт түзүлөрүн айтышууда. Шаардын мэрин шайлоо айркылуу тандоо канчалык туура? 

Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Жанар Акаев.

«Эл тарабынан шайланган лидерлер тургундардын ишеним мандаты менен камсыз болуп, мыйзамдуулуктун бекем пайдубалына ээ болуп, саясий кырдаалдан көз каранды эмес болот, бул муниципалитеттин көңүлүн жалаң гана шаарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү маселелерди чечүүгө бурууга мүмкүндүк берет. Шаарды башкаруу элдин ишенимине жана шаардыктардын алдында жеке жоопкерчиликке ээ болгон кесипкөйлөрдүн колунда болушу керек. Жашоочулардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо процессине тикелей катышуусу алардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатат, социалдык маанилүү маселелерди чечүүдө өздөрүнүн катышы бардыгы тууралуу сезим пайда болот, алардын шайлоо алдындагы саясий маданияты өнүгөт».

Документте шаар тургундарынын мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүү укугу коомдук көзөмөлдүн жана бийликтин түздөн-түз элдин алдында жоопкерчилигин орнотуунун эффективдүү механизми болуп санала тургандыгы, шаардыктардын кызыкчылыгын коргоо эл тарабынан шайланган башчынын негизги милдети боло тургандыгы айтылат. Шайлоочулар Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүү үчүн кол топтоону уюштурушат.

Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө ылайык, мэрлер эл тарабынан түз шайлана баштайт жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо менен чогуу өтөт.

Коомдук ишмер Сейтек Качкынбай шаар башчылары шаар тургундарынын кааалоосу менен тандалып келиши керектигин кубаттайт. Анын баамында, эл өзү шайласа анда, шаар башчылары элге отчет берип, элдин талаптарына жараша иш алып барат.

«Бул жок эле дегенде эки критерийге туура келип жатат. Биринчиси, демократиянын критерийинен караганда, шаарды башкарган киши шаардыктардын каалоосу, ишеними жана тандоосу менен келе турган легитимдүү орган болушу керек. Экинчиси, эгерде мэр шайланып калса, эч кимге баш ийбей, көз карандысыз орган болуп калбайбы деп жатышат. Тескерисинче, мэр шайланып келе турган болсо анда элге отчет берет. Элдин суроосуна жана талабына жооп берет. Легитимдүү орган болгон үчүн ал эч жакка баш ийбейт, себеби эч ким дайындабай калат. Анткен менен эл өзү аны калчап ала турган болот. Ошондой эле шаардын мэрин шаардык кеңештин депутаттары дагы шайлап алса болот, бул дагы шайлоонун бир жолу. Ошондуктан бул эч кандай маселе жаратпайт, жана дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган практика. Дүйнө жүзүндөгү парламенттик башкаруудагы өлкөдө деле, президенттик башкаруудагы өлкөдө деле, шаар мэрлери президентке же премьер-министрге баш ийбейт».

Соңку 2 жыл ичинде Бишкек шаарына 11 мэр дайындалган. Бишкектин учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык дайындалды. Ал 64 жашта. 30 жылдан ашык убакыт Бишкек мэриясында башкаруу түзүмдөрүндө иштеген. Шаардык кеңешке үч жолу депутат болгон. Коомчулукта анын ишмердүүлүгүнө айтылган сындар көп.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын башчысын шайлоо сунушу элди алдоо жана реалдуулуктан алыс деген ойдо.

«Биз өзүбүздү-өзүбүз алдабашыбыз керек. Бишкек шаарынын эле эли эмес, негизи эле кыргыз коомчулугу бүгүн ачык жана калыс шайлоого даяр эмес экендигин моюндашыбыз керек. Мына борбордо окудум, элитамын, чет өлкөлөрдү көрдүм дегендердин тандап алган шаардык кеңештин депутаттарын карап көрүңүздөр. Ошондуктан биз мындай жакшы сунушуту сунушутап жатабыз, бирок аягында өтпөй калды» деп айта берсек болот, бирок реалдуулукту, ачуу чындыкты эске алашыбыз керек. Жеке оюм боюнча, азыр Бишкек шаарына мэрди эл шайлай турган болсо, капчыгы калың бир коррупционер келет, же бийликтин колдоосу менен дагы бир коррупционер келет. Жөнөкөй, Бишкекке күйгөн, принциптери бар адам эч качан жеңип келбейт. Себеби биздин эл дагы, коом дагы даяр эмес. Мына ошону билип туруп, бүгүн ушундай мыйзам сунуштап жатат. Ал  мыйзм долбоору өтпөшүн дагы билет, себеби биздин мамлекеттик түзүм дагы бир адамдын колунда деген шартты былтыр кабыл алганбыз».

Калаа башчыларынын тез-тез алмашуусу коомчулуктун сынына кабылып келет. Талдоочулар мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн жетекчи кеминде 3 жыл иштеши керек экенин айтышат. Аны менен бирге шаар жетекчилигин тургундар шайлоо аркылуу тандаса туура болору буга чейин бир нече жолу сунушталган.

Шаардын мэрин тиешелүү шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шайлабай, түз шаар тургундарынын шайлоосу мэрдин көз карандысыздыгына жана туруктуулугуна алып келет. Бирок азыркы бийлик барда мындай институтту киргизүү оор. Мындай пикирин коомдук ишмер Илим Карыпбеков билдирди.

«Мэрди түзмө-түз шайлоо институту демократиялык ачык өлкөлөргө таандык. Биздин конституциябызды жана азыр жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча биз демократиялык ачык коомбуз деп айта албайбыз. Азыр бардык бийлик бутактарынын кызматкерлерин түз жогорку бийлик дайындап жатат. Мындай шартта мындай сунушуту көпчүлүк макул болуп колдошуна мен ишенбейм. Бирок негизинен бул өтө туура жана керектүү нерсе. Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлабай, түз шаардын жашоочуларына шайлоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Бул мэрдин көз карандысыздыгын, туруктуулугун, өйдө жакты улам карай бербей, көз карандысыз кененирээк иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр жергиликтүү кеңеш шайлайт деген менен бийликте ким отурса жана кимдин талапкерлиги сунушталса, ошол болуп кетет. Кайсы мэр бийликке тиешелүү эмес тараптан дайындалды, кайсы мэр өз алдынча иш алып бара турган мэр болду эле. Андай мэр болгон эмес. Өкмөт кимди сунуштаса, ошол талапкер өтөт. Өкмөттүн артында ким турат, президент турат. президент менен ким макулдашылса, ошол мэр болуп келет. Демек ал өкмөттү, президентти карап отурган, башка мамлекеттик кызматкерлерден айырмасы жок мэр болот».  

«Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндө»  мыйзам долбооруна ылайык, шаар мэрине өкмөт башчы шаардык кеңештеги фракциялар менен акылдашып, үч талапкерди сунуш кылат. Алар сунушталган үч талапкердин бирин шайлайт.

Copyright © 2017 Maral FM