Биз менен байланышыңыз

Элдик курултайда Жапаров менен Ташиевдин бийлигине сын айтылды

Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 1081 | 0

Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Элдик курултайдын экинчи күнүндө Алай районунан келген өкүл Алмаз Жоробеков Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемин сынга алды.

Ал сөзүнүн башында коррупция менен күрөшүү маселесине токтолуп, өзүнүн сунуш пикирин берди.

«Садыр Нургожоевич, башында сиздин айткан сөзүңүз бар да: «Мен Исхак Раззаковду кумир тутам» деген. Сиз ошол кумириңиздин, Исхак Раззаковдун анча-мынча өмүр баянын күнүгө бир жолу эстеп коюңуз. Себеп дегенде эл ичинде жаңы бир сөз пайда болгон: «биринчи, экинчи» деген. Биринчи — сиз, экинчи — Ташиев. Ишенбесеңиз, туугандардан сураңыз. «Биринчинин адамдары паландай кылат, экинчинин адамдары түкүндөй кылат», — деп жатышат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл аябай жакшы көрөт эле, анын ичинде мен дагы. Бирок сизге сүйүүм мурункуга караганда кайтты, элдики да кайтты», — деди ал.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар «Өлкөдө эки президент барбы?» деген тариздеги суроону берип келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM