Биз менен байланышыңыз

Президент Элдик курултайда социалдык маселелерди айтпоону өтүндү

Кыска кабар | 26 Ноя 2022 | 506 | 0

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын экинчи күнүндө социалдык маселелерди эмес, жалпы республикалык масштабдагы орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүүнү, сунуштарды берүүнү өтүндү.

«Кечээ сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекси боюнча суранбадыбы. Бүгүн сүйлөөчүлөр ушул нерселерди кеп кылбай эле башка көйгөйлөрдү, орчундуу көйгөйлөрдү айтып, анан сунуштарды берсеңиздер. Анткени мектептер менен бала бакчалар — биздин эң биринчи көңүл чордонубузда турган маселелер. Биз кайсы айылдын мектебин жаңыртышыбыз керек экенин билебиз. Мен келгенде 247 айылдын мектеби жараксыз болчу, 1960-1970-жылдары курулган мектептер эле. Алдарды четинен бүткөрүп отуруп, азыр 200 мектеп калды. Сиздер айтып жаткан, бүгүн да чыгып айтам дегендер ошол 200 айылдын ичине киресиздер. Кудай буюрса, келерки жылдын бюджетине киргизебиз. Бюджетибиз көтөрө алса, 200 мектепти бир эле жылда салып берет элек. Бирок көтөрө албайт экен, кыскасы, жакынкы эки-үч жылдын ичинде мектеп деген көйгөйдү бүтүрөбүз: эски мектепте окуган бир да айыл калбайт», — деди президент.

Айтса кетсек, кечээки жыйында айылдагы социалдык жана айыл чарба маселелери эң көп көтөрүлгөн. Бүгүн Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат. Ага Кыргызстандын бардык айыл-шаарларынан келген 1072 өкүл катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM