Биз менен байланышыңыз

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин тагдыры кандай болот?

Саясат , Экономика | 25 Ноя 2022 | 962 | 0

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоо токтотулду. Кечээ, 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоо токтотулганын кабарлады.

Ал аталган холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин буга чейин берилген каражаттын калганы да кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айтты. Өкмөт башчы бул холдингдин мындан аркы тагдыры кандай болорун тактаган жок.

Былтыр декабрь айында Финансы министрлигинин алдында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөн.

Холдинг түзүүнүн негизги максаты, эл аралык тажрыйба аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу экени айтылган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине Теңгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров аталган улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Бирок Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу шектелип ушул жылы сентябрда камакка алынган жана учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген. Бишкек шаардык сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылган.

Экономист Төлөнбек Абдыров өнүккөн мамлекеттерди мисал келтирип, холдинг ачуудан мурда биринчи кезекте, план, программа жана стратегиясын иштеп чыгып, андан кийин каржылоосу аныкталса маселелер жаралмак эместигин айтты.

Бийлик өкүлдөрүнүн ниети жана ою жакшы болгон чыгаар, бирок башында шашылыш түрдө чечимдер кабыл алынганы азыркы абалга алып келгенине токтолду.

“Холдингди бир кишиге байлап койгондой эле көрүнүп калды. Теңгиз Бөлтүрүк деген мырзага баарын жүктөп коюшуп, “чет өлкөдөн инвестор алып келет, ал иштетет, баары сонун болот” деп коюшуп эле шашылыш түрдө ачылды.

Негизинен алып караганда холдингдин идеясы жаман эмес. Келечекте баары бир ушуга келишибиз керек. Бирок биринчи кезекте концепция, стратегия, программаны иштеп чыгуу зарыл”.

Экономист Искендер Шаршеев холдингдин ишмердүүлүгү, бюджети, долбоорлору туурасында маалыматтар коомчулукка ачык айтылып жарыяланбаганы үчүн түшүнүксүз жагдайлар көп деген ойдо.

“Холдингдин бюджетин ким каржылап жатканы, эгер мамлекет болсо анда кайсы фонддордон каржылап жатканы, максаты эмне, ички документтер, план-программасы, стратегиясы белгисиз болуп жатты. Калкка ачык айкын маалымат берилген жок. Массалык маалымат каражаттарында жалпы эле маалыматтар жарыяланып атты. А бирок ишмердүүлүгү боюнча айтылган жок. Ошондуктан түшүнүксүз жагдайлар көп болуп жатат”.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай акыркы чечимдер мамлекет өз кен байлыктарын иштете албай жатканын көрсөтүп турарын айтты.

Мындан улам азыркы тапта чет өлкөлүк компанияларга жерди иштетүүгө, андан пайда табууга жол ачылып калды, — дейт эксперт. Ошентип инвестицияларды чет өлкөдөн алып келип, тоо кен байлыктарды аларга берип жатканынын белгиси катары баалоо болорун түшүндүрдү.

Учурда холдингдин карамагында 30дун тегерегиндеги лицензиясы менен компания бар. Аларды кайра чет өлкөлүк компанияларга сатуу менен ортомчулар мурдагыдай эле “чөнтөктөрүн толтуруп” алышат деген оюн мындай чечмелеп берди:

“Чет өлкөлүк инвесторлор, тактап айтканда, Орусия, Казакстан, Кытай компаниялар биздин жерлерди иштетип жатат. Мындан улам экологиялык жактан суроолор көп болуп жатат. Мисалы алар иштерди талаптарга жооп бербестен эле аткарып жатышат, экологияга бир топ зыян келтирип атат. Ал эми ошол чет өлкөлүктөр биздин бийликте отургандарга акча берип койсо, алар унчгушпайт. А жерибиз болсо талкалана берет, айлана чөйрөгө зыян келтириле берет. Анткени орусча айтканда варвардык ыкма менен, акча аз кеткендей кылып сапатсыз иштеп жатышат. Мындан улам биздин жарандардын саламаттыгына, ден соолугуна түздөн түз терс таасири тийип жатат. 30 жылдан бери биздин мамлекеттик органдар буга каршы көзөмөл жүргүзө алган жок”.

Талдоочулардын пикиринде «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясына бөлүнө турган акчага шаар жерлеринде 10 мыкты мектеп куруп коюу максаттуураак болмок.

Буга чейин мамлекет башчы холдингге ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоор сунушталып, билим берүү, туризм, медицина тармагын өнүктүрүү демилгелери туурасында айткан.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Холдингдин иштеп баштаганына бир жыл болуп калды. Бирок алгылыктуу иштер алып барылып, долбоорлордун ишке ашышына адистер күбө боло алышкан жоктугун белгилешти.

Ал эми Акылбек Жапаров холдингдин мындан аркы тагдыры туурасында маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM