Биз менен байланышыңыз

Мессини кемсинткен сөздөр айтылганы үчүн күйөрмандар арасында мушташ чыкты (видео)

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2022 | 391 | 0

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатында Аргентина менен Мексикадан келген күйөрмандардын  ортосунда массалык  мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мексикалыктар аргентинанын чабуулчусу Мессиге карата кемсинткен сөздөрдү айтышканы үчүн, эки команданын күйөрмандары ортосунда мушташ башталган.

Жыйынтыгында бир нече күйөрман жаракат алган.

Эске салсак, 27-ноябрда Аргентина менен Мексиканын курама командаларыКатарда болуп жаткан дүйнө чемпионатында  беттешет.

Бул оюн эки команда үчүн өтө маанилуү, себеби эки команда дагы биринчи оюндарында жеңишке жеткен эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM