Биз менен байланышыңыз

Роналду беш дүйнөлүк чемпионатта гол киргизген биринчи футболчу болду (Видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2022 | 358 | 0

Португалиянын капитаны Криштиану Роналду беш жолку дүйнө чемпионтында гол киргизген футболчу катары тарыхта калды.

Роналду бул голду  учурда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы Гана курама командасы менен болгон алгачкы беттеште пеналтиден киргизген.

Бул анын рекорддук 118-эл аралык голу, анын ичинен сегизи дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычында болду.

Буга чейин, Роналду төрт дүйнөлүк чемпионатта гол киргизген беш гана оюнчунун бири болгон.

Бул тизмеде португалдардан тышкары бразилиялык Пеле, немистерден Мирослав Клозе жана Уве Зелер, ошондой эле аргентиналык Лионель Месси бар.

Роналду 37 жашта, «Алтын топтун» беш жолку ээси, Чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону, Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM