Биз менен байланышыңыз

Сөз жана журналисттин эркиндиги үчүн жөө жүрүш

Саясат | 25 Ноя 2022 | 504 | 0

Бүгүн жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын талап кылып жарандык активисттер жөө жүрүшкө чыгышты. Буга кошумча өлкөдөн чыгарылган журналистти мекенине кайра алып келүү, саясий туткундарды бошотуу, мыйзам талаасына кайтып келүү, сөз эркиндигин кысымга албоо талабы коюлду. Жөө жүрүштүн катышуучулары мыйзамдар сакталган, өнүккөн жана жаркын Кыргызстанды куруу ниеттерин билдиришти. 

25-ноябрда жарандардын укуктарынын жана эркиндиктерин сакталышын талап кылган жөө жүрүш өттү. Жарандык активисттер Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин сөз эркиндигинин корголушун талап кылды.

Акыркы учурда сөз эркиндигине болгон чектөө жана массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге болгон кысым күч алып бара жатканы байма-бай айтылууда. Кечээ эле иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарылышы мыйзамды одоно бузуу жана сөз эркиндигине басым катары бааланууда.

Октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин чыгарган.

Мындай чара ушул жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, кастык маанайда колдонулган сөздөр, жарандардын ортосунда дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталганы үчүн көрүлгөнү кабарланган. Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, юристтер министрликтин бул кадамын мыйзамсыз деп аташкан.

Анда дагы (Октябрда) Бишкекте сөз эркиндигин коргоо, көз карандысыз медиаларга кысымды токтотууну талап кылган жөө жүрүш өткөн.

Бүгүн жөө жүрүшкө чыккандар болгону үч талап менен чыгып жатышканын белгилеп, адилеттүү Кыргызстанды куруу ниеттерин билдиришти. Талаптар:

  • өлкөдөн чыгарылган журналистти мекенине кайра алып келүү,
  • саясий туткундарды бошотуу,
  • жаңы мыйзамдар менен сөз эркиндигин кысымга албоо талабы.

Жөө жүрүшкө чыккан мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев президент Садыр Жапаров бийликке келгенде сөз эркиндигин кысымга албоого сөз берип келгендигин эске салып, журналистти мекенине кайра алып келүү талабын койду.

«Кыргызда баш кесмек бар, тил кесмек жок деген сөз бар. Ошол принципти бул бийлик бийликке келгенден баштап эле кармаган жок. Өздөрү активисттерди кармабайбыз, куугунтук кылбайбыз, саясий күрөштө дагы барына мүмкүнчүлүктөрдү беребиз деп сөз беришкен. Бирок ошол сөздөрүнө турушкан жок. Азыр бирөө эле сын-пикир айтса түрмөгө тыгып, же Кыргызстандын жаранын жарандыгынан алып салып, өлкөдөн чыгарып жатат. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Андай болсо бизин миллионго жакын жарандарыбыз Орусияда эмгектенип, жарымынан көбү ошол жактын жарындыгын алышкан. Анда ошол кош жарандуулардын барынын жарандыгын алып, мыйзамды бирдей иштеш керек. Биз Болот Темировдун Кыргызстанга алып келинишин, жарандыгын кайтарып берилишин талап кылып жатабыз».

Медиаэксперт Кубан Абдымен Кыргызстанда маалымат каражаттарынын абалы мурдагыга салыштырмалуу чектелип бара жаткандыгы талашсыз экендигин айтат.

«Жалпылап айтканда Кыргызстанда маалымат каражаттарынын абалы мурдагыга салыштырмалуу чектелип бара жаткандыгы талашсыз. Мындан кийинки абалы кандай болот, азыркы коомдун өзүнүн аң-сезиминин өсүшүнөн көз каранды. Кандай болуп жатканын так кесе айта албайм, бирок терс көрүнүштөр көп болуп жатканы талашсыз. Бул учурда эки тарап тең мыйзамдуулукту сакташы керек. Маалымат каражаттарында иштегендер дагы жана алардын иштөөсүнө көз салган мамлекеттик органдар дагы. Ошондо гана өлкөдө туруктуулук сакталат».

Авторитардык башкаруудагы өлкөдө жарандар өз укугун коргоп, маселени ачык айта баштаганда гана бийлик алар менен эсептешет. Ошондуктан бизге окшогон өлкөлөрдө маселе ачык айтылганда гана чечилет. Мындай пикирин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек айтат.

«Маселени ачык айтыш керек, коркпош керек, тайманбаш керек. Азырынча биздин колубузда чоң мүмкүнчүлүк болгон -сөз эркиндиги бар. Мына ошону колдонушубуз керек. Мына бүгүн дагы марш болгону жатат, анда эло өзүнүн талабын коет. Демократия эмне деген принципке негизделет десек, сен элдин барын келесоонун ордуна кое албайсың. Белгилүү бир убакта, белгилүү бир катмарды келесоонун ордуна коюшуң мүмкүн, бирок дайыма эле элди 100% келесоо ордуна кое албайсың. Эртеби кечпи эл эмне болуп жатканын түшүнөт. Өзүбүз деле тарыхыбыздан көрбөдүкпү, үч ирээт төңкөрүш болду, эл эмне болгондугун түшүндү. Биз биринчи чечип алышыбыз керек, келечеги бар жаркын, адам укугу сакталган, адилеттүү өлкөдө жашагыбыз келсе, анда ар бир жаран өзүнүн укугун, таламын талашыш керек. Жок, Түндүк Кореядай жана Түркмөнстандай болобуз, бизге тынчтык керек десек анда ошентип отура беребиз. Баш мыйзамда жарандарга каралаган укуктар чоң, биз мына ошол укуктарды гана колдонушубуз керек».

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстанда сөз эркиндиги сакталышы керектигин, мыйзамдуулук каралышы керектигин, журналистердин иштешине тоскоолдук болбошу керектигин айтып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM