Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Сауд Арабиялык күйөрман футбол көрүүгө 1600 км аралыкты жөө басып барды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Ноя 2022 | 562 | 0

Сауд Арабиялык Абдулла аль-Салми Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатты көрүү үчүн 1600 чакырымды басып өттү. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы билдирди.

Күйөрман кичи мекени Жиддадан Дохага чейин 55 күн жөө жүргөн.

Катарга жетүү үчүн Абдулланын жолу оңой болгон эмес. Ал күндүн ысыктыгына карабай, бир нече кум дөбөлөрдү басып өтүп, жапайы жаныбарлар чыкканын, карышкырды жанынан көргөнүн айткан.

«Мен ар дайым дүйнө чемпионатын көрүүнү кыялданчумун, бирок бул кыялым орундалбай келген, анткени ал дайыма Бразилия, Орусия сыяктуу алыс жактарда болчу. Мен араб катары бул араб өлкөсүндө болуп жаткан чемпионатты көрүшүм керек болчу. Бул мен үчүн сыймык», — деди ал.

Аль-Салминин айтымында, 2022-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат бардык арабдарды бириктирет. Алар үчүн, өзгөчө катарлыктар үчүн чемпионат сыймык жана өз маданиятын жакшы жагынан көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болуп жатат.

Мындай жоругу менен Абдулла аль-Салми футбол күйөрмандарынын арасында белгилүү боло алды. Аны менен көчөдөн таанып сүрөткө түшкөндөрдун саны көбөйүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM