Биз менен байланышыңыз

Ички таарынычтар айтылган ЖККУ жыйыны

Саясат | 24 Ноя 2022 | 258 | 0

23-ноябрда Армениянын Еревен шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өттү.

Мамлекеттердин лидерлери ЖККУнун аймактагы жоопкерчилигин жана эл аралык коопсуздук жаатындагы маанилүү маселелерди талкуулашты. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча да учкай сөз болду. Ал ортодо Арменияда нааразылык акциялары өтүп турду. Армения жыйынтыгында саммиттин декларациясына кол койбой койду.

ЖККУнун бүгүнкү күндөгү орду, Кыргызстанга пайдасы тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

ЖККУнун кезектеги жыйыны бир нече өзгөчөлүктөр менен коштолду. Саммиттин жыйынтыгында өлкө лидерлери 10 документке кол коюшту.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинин жыйынтыгы боюнча декларацияга кол коюудан баш тартты.

Анын мындай кадамы Тоолуу-Карабахтагы жагдайга байланыштуу болду. Ал уюм тарабынан саясий баа берилбегендигине байланыштуу болгону айтылды. Даярдалган 17 жыйынтыктоочу документтин экөө кайра карап чыгууга жөнөтүлгөн.

Дагы бир жагдай, саммиттин алдында Ереванда Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарына каршы нааразычылык акция болуп өттү. Катышуучулар орус президентинин келишине каршы ураандарды чакырып, ЖККУну Карабах согушунда жардам көрсөтпөгөнү үчүн сындашкан.

Негизи ЖККУдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири Тоолуу-Карабахтагы абал болуп келет.

Уюмдун мүчөсү Армения талаштуу аймакта позициясы начарлап, 2020-жылдагы алты жумалык согушта бир катар райондор Азербайжандын ээлигине өткөндөн бери аскерий бирикмедеги өз өнөктөштөрүнөн көмөк сурап келет.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер министри Токон Мамытов ЖККУнун бул жолку саммити мурдагыларга салыштырмалуу өзгөчө жана чечкиндүү болгонун белгилейт.

Анын айтымында, уюмдун ичиндеги көп маселе ачык талкууланды. Айрым учурлардагы конфликт, түшүнбөстүктөр, мамлекеттер аралык кол салуулар, көптөн бери чечилбей жаткан маселелер талкууланып, чечүү жолдор сунушталып, бир нече жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзүлдү.

“ЖККУну сактап калуу, анын кадыр баркын көтөрүү үчүн мындан ары мүчө мамлекеттердин ортосунда кризистик абалга туш келгенде: “Кандай жол менен чечебиз? Эмне кылабыз? Кандай механизмдерди колдонобуз?”, — деген суроолор кеңири талкууланып президенттер айткандардын баарын ЖККУнун катчылыгына, коопсуздук кеңешинин катчыларына тиешелүү тапшырмаларды берип,эффективдүү, чечкиндүү чаралар көрүлүп, презденттерге сунушталып, алардын документке кол коюсуна жиберилет деп ойлойм”.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму — Орусиянын демилгеси менен 1992-жылы Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий бирикме. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Белоруссия мүчө. Келишимге ылайык, кол койгон тараптар ички-тышкы пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө милдеттенме алышкан.

Бирок эл аралык маселелер боюнча адис Айбек Теңизбаев азыркы тапта уюмдун ичинде карама каршылыктар күчөп бара жатканын айтат. Тактап айтканда, мамлекеттер арасындагы келишпестиктер арбыды.

Бул — уюмдун багытына, ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, сындарды арттырат.

“Азыркы учурда ушул нерсенин баарын эске алып, сөзсүз түрдө жаңылоо керек деген ойдомун. Антпесе, ошол эле карама каршылыктар бара-бара бул уюмдун ичинен бузулушуна жана тарап кетишине себеп болот деп эсептейм”.

ЖККУнун максаты: уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргелешкен күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун пикиринде, ЖККУ Кыргызстан үчүн абдан маанилүү уюм. Ал  бүгүнкү күндүн талабына ылайык аскердик, саясий, экономикалык жагынан да таасирин тийгизүүдө.

Бирок акыркы эки жылдагы болгон окуялар — Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстанга куралдуу кол салуусуна уюмдун чара көрбөгөнү нааразылык жаратты.

Мындан сырткары, Армения менен Азербайжандын ортосундагы болгон окуяларга да чечкиндүү чара көрбөгөнү уюмдун иреттүү саясат жүргүзө албай жатканын көрсөттү.

“Акыркы убакытта бул ЖККУнун келечегин саясатчылар да талкуулап башташты. Беларусиянын президент Александр Лукашенко да мындай айтып кетти: “ЖККУнун келечеги орус-украин өлкөлөрүндө болуп жаткан аскердик операциянын кандай чечилишинен көз каранды. Ошондо тагдыры чечилет”.

Ачыгын айтыш керек, Арменияда өткөн жыйында коопсуздук маселелери, коргонуу көйгөйлөрү опурталдуу болгону үчүн, уставдардын кээ бир бөлүктөрү да каралып, кандай чечимдер кабыл алынганы жакында белгилүү болот. Себеби айрымдары ачык каралат, кээ бирлери жабык каралат”.

ЖККУга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун башкы катчысы Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.

Copyright © 2017 Maral FM