Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер каржы булактарын кантип тапса болот?

Экономика | 24 Ноя 2022 | 242 | 0

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңеши 24-ноябрда каржы институттарынын жарманкесин өткөрдү. Өлкөдө мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анын негизги максаты эл аралык каржы институттарын, жеке секторду каржылоону камсыз кылган өнүктүрүү фонддорун жана ишкерлерге аянтча түзүү болуп саналат. Көргөзмөгө 20дан ашык эл аралык каржы институттары, өнүктүрүү фонддору, жеке секторду каржылоо жана консультациялык кызматтарды көрсөткөн башка уюмдар катышууда. Мындай платформа ишкерлерге каржы булактарын табууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Кыргызстанда орто жана чакан бизнес ээлери өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ишканасын кеңейтүү, чет өлкөгө чыгуу үчүн көп учурда каржы булактарын издешет. Алар каржы булактарын издөөдө көп маселелерге кабылышып, кимге кайрылып, кимден кеңеш алууда кыйынчылыкка кабылышат. Экинчи жактан каржылоого даяр болуп, бизнес долбоорлорду издеген институттар бар. Мына ошол эки тараптын жолугушуусун камсыз кылуу максатында Бишкекте каржы институттарынын көргөзмөсү уюштурулуп жаткандыгын Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков белгиледи.

«Мына жок эле дегенде 12 каржы  берем деген институттар бар экен. Бул эми банкатрыды кошпогондо. Эл аралык каржы корпорациясы, Европа өнүктүрүү банкы, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, кыргыз-венгр фонду, кыргыз-өзбек фонду, кыргыз-азербайжан фонду жана башка. Мунун барын координация кылып, ишкерлерге жеткириш керек. «Мына ушундай каржы булактары бар, негизги ушул критерийлерге дал келсеңер, каржы булактарын, акчаны ала аласыңар жана бизнести өнүктүрө аласыңар» дегендей баарына бир платформа түзүп берип жатабыз. Бул жерге бизнес коомчулукка консултациялык жардам бере турган уюмдарды дагы чакырып жатабыз. Алар бизнес планды кантип жазат, негизги талаптарга кантип жооп берет, арызды каржы институттарына кантип толтуруп жөнөтүш керек деген суроолорго алар өз кеңештерин берип жатат. Эл аралык каржы коорпарациясы айтып кеткендей, алар 9 айда  22 млрд доллар жеке секторго бөлүп бериптир. Ошол акчанын бир бөлүгү Кыргызстанга келсе жакшы болбойт беле. Ошону алып келиш үчүн биз ишкерлердин дараметин көтөрүшүбүз керек. Аларга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздашыбыз керек. Ошондуктан биз атайын колдонмо түзүп, ал жерге каржылоо институттарынын шарытын жазып, таратып берип жатабыз. Ошол маалымдаманы үч тилде чыгарып, аймактарга таратабыз».

Өкмөттүн жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин (ЕККУ) колдоосу менен аймактарда ишкерлерди колдоо борборлору ишке кирген. Алар ар бир облусутун борборунда жайгашып, ишкерлерге юридикалык, каржылык жана сатуу боюнча бекер кеңеш беришет.

Ишкердикти колдоо борборунун Талас облустук филиалынын өкүлү Бактыбек Рысалиев ишкерлерге берилген кеңештердин натыйжасында, алар каржылык колдоо алганга жетишип жаткандыгын белгиледи.

«Биз Талас ишкердикти колдоо борборунан келдик. Бизге бул жылы эле 450 ишкер кайрылып, аларга толук кеңештерди бердик. Былтыр бир ишкердин суранычы менен долбоор жазып, «Альянс» фондуна жибергенбиз. Ал долбоор өтүп, ишкер 6 млн сомго жакын каржы ала алды. Бул долбоор экологияны сактоо максатында, таштандыны кайра иштеп чыгуу ишканасын кеңейтүүгө каржы ала алды. Анын алуусуна жардамчы боло алдык. Азыр бизге кайрылган ишкерлердин саны көбөйө баштады. Башында биз өзүбүз айылдарды аралап, тренингдерди өтүп жатттык. Азыр ишкерлер өздөрү чалып, жазып, оффиске келип калышты. Бизде негизинен каржылык, бизнес жанаюрист консультант бар. Ар бирибиз өз тармагыбызда көмөк көрсөтөбүз».

Иш-чарада бизнести каржылоочу уюмдар өздөрүнүн көрсөткөн кызматтары, каржылоонун түрлөрү жана шарттары боюнча маалымат беришти. Алсак, кыргыз-өзбек өнүтүрүү фондунун каржылык колдоолору боюнча басма сөз катчысы Азирет Туратбеков буларга токтолду:

«Биз жаңы түзүлгөн фондбуз. Учурда биз туризм, агро өнөр-жай тармагында иштеп жатабыз. Азыр каржылык лизинг өтө жайылып жатат. Ошол программа аркылуу биз атайын техникалырды коюп бере алабыз. Таштанды чогулткан техникалар, комбайндар, тракторлор жана башка бүт ушундай техникаларды коюп бере алабыз. Азыркы учурда валюталык каржылоо доллар менен, 4%дык үстөк менен берилет». 

Ал эми «Ага Хан» фонду тарабынан каржыланган «Икселерейт просперити Азия» долбоору ишкерликти өнүктүрүү жана айыл жергесиндеги калктын экономикалык абалын жогорулатуу максатында 1000ге жакын ишкерди жети жумалык окуудан өткөргөн. Аталган фонддун өкүлү Мээрим Кубатова билдиргендей, окуудан сырткары долбоорду аяктаган ишкерлер 50 миң долларга чейин каржы булактарын табууга мүмкүнчүлүтөрү бар.

«Бизден түз инвестиция алса деле болот.  Биз 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин караштырабыз. Түрдүү тармактагы ишкерлер биздин долбоорлорго катыша алышат. Учурда биздин инвестиция берилген  тизмеде 40ка жакын компания бар. Жалаң ишкерлерди гана эмес, стартаптарды дагы колдоп келебиз. Алар кыска убакытта окуудан өтүп, 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин инвестиция алганга мүмкүнчүлүгү болот». 

Кыргыз-венгр өнүгүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Ханчоро Мурзалиевдин айтымында, аталаган фонд жакында долбоорлорду каржылоосун баштайт. Ошондой эле айыл чарбасы багытындагы долбоорлорго артыкчылык берет.

«Жакында эле кыргыз-венгер агроөнөр жай форумун өткөргөнбүз. Венгриядан бир чоң бизнес делегация келген. Азыр арыздарды кабыл алып жатабыз, аны онлайн тапшырса дагы болот. Биринчи кезекте айыл чарба тармагындагы долбоорлого артыкчылк берилет, мисалы малды алып келсе болот. Бизге кайрылышса, биз баардык керектүү долбоорлор боюнча инвесторлорду таап бергенге аракет кылабыз. Бул биринчи биздин кадамыбыз».

Бизнес-долбоорун ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан ишкерлерге мамлекеттик «Кепилдик фонду» жардам берүүсүн улантып жаткандыгын аталган фонддун башкы адиси Атай Бейшекеев айтат.

«Кепилдик фонд» аркылуу насыя алууда, фонд берилген каражатка кошумча 2-2,5 пайыздык комиссия алат.

«Биз 2016-жылдан бери 3000ге жакык кардарга кепил болуп бердик. Анын жалпы суммасы 4,5 млрд сом.Насыя берген бул банк, биз кепилдик гана беребиз. Биздин шарттаргга ылайык, биз насыянын 50%ына чейин гана кепилдик беребиз, калган жарымын кардар өзүнүн күрөөсү менен жабыш керек. Ошол эле учурда биздин бир жолу төлөңүүчү комиссиябыз бар. Бул 2же 2,5%дык комиссия биз берген суммадан гана алынат. 2%дык комиссия айыл чарбасы, өндүрүш, кайра иштетүү тармактарынан алынат, ал эми 2,5%дык комиссия соода сатык, кызмат көрсөтүү тармактарынан алынат». 

Кыргызстанда көп учурда ишкерлер каржы институттарынын колдоосуна ала албай келет. Ага ишкерлердин абалы, билими, бизнес чөйрөдөгү жана мыйзам чөйрөдөгү абал жана инвестициялык климат түздөн-түз таасир этет. Ошондой эле өлкөдөгү саясий-экономикалык туруктуулук башкы критерий болуп саналат. Өлкөдө улам бийлик, өкмөт, тиешелүү министрликтер алмашкан сайын каржы институттарынын ишеними  төмөндөйт. Алар бийлик алмашкан сайын жаңыдан келишимдерди түзүүгө туура келет.

Copyright © 2017 Maral FM