Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Хорватия менен Марокко беттеши 0:0 эсебинде аяктады

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 23 Ноя 2022 | 320 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык этабынын 1-турунун алкагындагы беттеште Марокко менен Хорватиянын курама командалары тең чыгышты

Эль-Хаурда «Эл-Байт» стадионунда өткөн F тайпасынын беттеши 0:0 эсебинде аяктады.

60-мүнөттө Германиялык «Бавариянын» Марокколук коргоочусу Нуссаир Мазрауи жаракатынан улам алмаштырылды.

Хорватиянын капитаны Лука Модрич акыркы отуз жыл ичинде дүйнө жана Европа чемпионаттарынын финалында ойногон биринчи футболчу болду.

Кийинки турда Марокко курамасы 27-ноябрда Бельгиялыктар менен, ошол эле күнү Хорватия курамасы Канадалыктар менен беттешет.

Катар-2022: Бүгүн фаворит аталган командалар алгачкы оюндарын өткөрөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM