Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Аргентина Сауд Арабиясына утулуп калды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 22 Ноя 2022 | 400 | 0

Аргентина курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатында Сауд Арабиясына утулуп калды.

Бүгүн, 22-ноябрда С тайпасында 1-турдун беттеши орун алды.

VAR системасынын жыйынтыгы менен Аргентиналыктар пеналти тебүү укугуна ээ болуп оюндун 10-мүнөтүндө Лионель Месси гол киргизди.

Андан кийин Месси дагы бир гол киргизсе, Лутаро Мартинес эки гол киргизди. Бул 3 голдун бардыгы офсайд болуп калгандыктан жокко чыгарылды.

Экинчи таймдын эң башында Сауд Арабия 5 мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, күтүүсүздөн алдыга чыгышты. Бул эсеп акыркы ышкырык жаңырганга чейин өзгөргөн жок.

27-ноябрда 2-турда Аргентина Мексика менен, Польша Сауд Арабия менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM