Биз менен байланышыңыз

«16 мамлекеттик текшерүүчү орган да кийлигишпейт». Ишкерлерге жарыяланган мораторий

Экономика | 22 Ноя 2022 | 1247 | 0

Өлкөдө жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишкерлерди текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин ишкерлерден, коммерциялык банктардан бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун активдүү келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр, укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын текшерүүлөрү боюнча нараазылыктар болуп келген. Убактылуу мораторийдин киргизилиши өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүүсүнө канчалык шарт түзөт? Ошондой эле кайсы учурда ишкерлер мораторийге карабастан текшерүүдөн өтүшөт?

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Мамлекет текшерүү кызматын токтотуп, ишкердин ишин өркүндөтүп алышына жардам берүү максатында мораторий киргизилип жатканын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.

Усенбекова мораторий кандай шартта иштей турганын түшүндүрдү. Ошондой эле ал коопсуздукту сактабаган ишкерлер текшерүүдөн өтө турганын белгиледи.

«Мамлекет текшерүүнү токтотуп, атайын ишкерлерге ишин алдыга жылдырууга шарт түзүп берүүдө. Укук коргоочу органдар тарабынан текшерүүгө мораторий киригизүүдө. Мындан сырткары 16 мамлекеттик текшерүүчү орган бар. Алардын да текшерүүсүнө бир жылга бөгөт коюлду. Ар кандай эпидемиялык учурлар болушу мүмкүн. Ушундай учурлар катталган болсо, өзүнчө мыйзам менен бекитилген критерийлер бар. Эгер мындай учур катталса, сөзсүз алдын алуу максатында текшерүү болот. Бул коопсуздук үчүн маанилүү».

Министрдин орун басары кабарлагандай, бул жолкусунда банктарды да текшерүүгө мораторий киргизилип жатат.

«Мораторийге бардык жеке ишкерлер, экономикалык субъекттер жана банктар да кошулуп жатат. Анткени банктар да бүгүнкү күндө финансылык тармактагы колдоого, өнүгүүгө муктаж болууда. Банктык жана финансылык чөйрөнү колдоо максатында текшерүүлөр толугу менен токтотулат. Жалпы пландык текшерүү токтотулат. Азыркы күндө түшүндүрүү иштери көп жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары пландарды да иштеп чыгабыз».

Ишкерлердин пикиринде, укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусу мындай көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Аларга карата чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Көбүнчө бул негизсиз, кайталоочу же такыр мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары кездешет.

Ишкер Эрлан Сейиткулов бизнес өкүлдөрү мамлекеттен мораторийди киргизүүнү буга чейин суранып келишкенин айтты. Ал мыйзамсыз текшерүүлөр көп болуп жатканын, бара-бара текшерүүлөр коррупцияны күчөтүп жатканын түшүндүрдү.

«Бул нерсени ассоциациялардан дагы суранганбыз. Убактысы бүтүп калган мораторийлердин мөөнөтүн узартып берүүнү да суранганбыз. Кыргызстанда текшерүүлөр аябай көп. Ишкерлерди да кыйнап салышат. Жаңы калыптанып келе жаткан ишкердиктерге жеңилдик болот. Мораторийдин киргени жакшы. Санэпид, өрт өчүрүү кызматы тарабынан негизсиз текшерүүлөр көбөйүп кеткен. Бул барып барып коррупцияны күчөтүүдө. Мындан сырткары салык кызматынын да текшерүүсү жеңилдеп, убактты үнөмдөп онлайн кызматына өтсө жакшы болмок».

Дагы ишкер Мирбек Асангариевдин айтымында, мораторий өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ал чакан жана орто бизнестердин жумушун алдыга жылдырууга жардам берерин кошумчалады.

«Мораторий жарыялангандан кийин пландык текшерүүлөр болбойт. Арыз келип түшкөн учурда гана текшерүүгө болот. Мораторийдин киргени туура болуп жатат. Себеби ишкерлерди кыйнап койгон, ишин артка тарткан текшерүүлөр көп болууда. Акыркы 2,3 жылда бул текшерүүлөр күчөп кетти. Ишкердикти өнүктүрүүгө жалгыз мораторий жардам бере албайт. Бирок бул бир аз болсо дагы жардам берет. Мораторий кайсы бир деңгээлде баарыбир иштейт. Ошондуктан киргени жакшы».

Өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 токтому менен ишкердик субъектилерге текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган. Бул мораторийдин мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 млн. доллар инвестиция кирип, 483 млн. доллар чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM